Ишембилик

   2023-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү , санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлык жарыяланган. Жарыяланган үч айлыктын алкагында Т.Эрматов атындагы БМПКда ар ишемби күндөрү ишембилик өткөрүлүп жатат.

Алгачкы ишембиликти окуу жайыбыздын директору У.М.Турдалиев менен биргеликте көчөт отургузуу менен баштаганбыз. Андан кийинки ишембиликтерди студенттерибиз көрсөтүлгөн аймакты тазалоо менен улантышууда.

Спорттук мелдеш

Казак Республикасы менен Кыргызстан Республикасынын ортосунда №1 Алматы Казак Мамлекеттик гуманитардык педагогикалык колледжинде баскетбол оюну боюнча окутуучулар жана студенттер арасында мелдеш өттү. Бул мелдеште Т.Эрматов атындагы БМПКнын окутуучулар жамааты жана студенттер 3 – орунга ээ болушту.

“Кел Ноорузум”

Т.Эрматов атындагы БМПКда улуттук нарк – насилди сактап, жайылтуу максатында “Кел, Ноорузум” аттуу Нооруз майрамына арналган маданий – массалык иш-чара уюштурулуп өткөрүлдү.

Сүмөлөк кайнатуу жөрөлгөсү менен башталып, кыз – жигиттин “Сармерден” оюну , тамак – аш көргөзмөсү көрсөтүлүп, улуттук оюндар менен жыйынтыкталды.

Кыз – жигиттин “Сармерден” оюну көпчүлүктүн купулуна толуп, көңүл сергиткен , ыр – тамаша менен коштолду.

Бөлүмдөр арасында улуттук тамак – аш көргөзмөсү конкурстук негизде өттү. Анда “Башталгыч класстарда окутуу” бөлүмү 1 – орунду багындырышты.

Улуттук оюндар уюштурулуп өткөрүлдү.

Жаштарыбыз ыймандуу, жигиттерибиз жүрөктүү болсун! Өлкөбүздө тынчтык, береке болсун!

Айдан аман, жылдан эсен бололу!

“Желбиресин эркиндиктин желеги”, “Ак калпак – Ала Тоонун символу”

Туу күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992 – жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген, ал эми 5-март Ак калпак күнү деп 2011-жылы жарыяланган. Анын негиздөөчүсү Рысбек Жабиров.

Бул күн 2016-жылдан тарта расмий түрдө белгиленип келе жатат. 2017- жылы айрым сунуштардын негизинде токтомго өзгөртүүлөр киргизилип, 5-март Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү катары кабыл алынган.

Ушул майрамдарды утурлай Т.Эрматов атындагы БМПКда Кыргыз Республикасынын Туу жана Ак калпак күнүнө арналган иш-чара салтанаттуу белгиленди.

Иш-чарага окутуучулар жана студенттер катышышты. Алгач, Кыргыз Республикасынын Гимни уктурулуп, Туу көтөрүлдү . Андан соң окуу жайыбыздын директору У.М Турдалиев сөз сүйлөп, өз сөзүндө Туу биримдиктин белгиси экендигин баса белгиледи.

Рухубуздун Туу чокусу болгон “Манас” эпосунан үзүндү айтуу менен жыйынтыкталды.

“Эне тил барда , Мекен бар”

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу, Бириккен Улуттар Уюмунун жана ЮНЕСКОнун чечиминин негизинде Кыргызстанда жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу максатында 20 – январдан 21 -февральга чейин жарыяланган бир айлыктын негизинде Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинде бир нече иш – чаралар уюштурулуп өткөрүлдү.

Алсак, “Эне тилди барктайлы” аттуу кыздар арасында сармерден уюштурулду. Анда өз эне-тилибизди кадырлоо, улуттук каада салтыбызга аяр мамиле жасоо менен муундан муунга өткөрүү милдет экендигин көрсөтө алышты

” Тил – достукка көпүрө” деген аталыштагы тегерек стол, “Улуттук маданият – улуттун байлыгы” аттуу тарбиялык саат уюштурулду.

“Эне тил барда, Мекен бар ” аттуу өнөр таймашы менен жыйынтыкталды.

Таймашта кыргыз, өзбек,орус, англис тилдеринде сүйлөп , ырдап, бийлеп беришти.

Бул даталуу күн мекенчилдиктин жана өз Мекенине болгон сүйүүнүн, эне тилди сактоого умтулуу менен башка тилдерге болгон мамилебизди урмат – сый менен уланта берээрибизди далилдей алды.

Эл аралык байланыштагы ийгиликтер

Эл аралык байланышты өнүктүрүү максатында 

Т.Эрматов атындагы БМПКнын волейбол боюнча агайлар жана студенттер командасы Казак республикасындагы Есик гуманитардык экономикалык колледжине барып, Алматы №1, Алматы №2 колледждери менен волейбол оюну боюнча мелдешке катышып келишти.

Бул мелдеште агайлар командасы  2-орун, студенттер командасы 1-орунду ээлеп, жемиштүү келишти.          Мелдештин катышуучуларына мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз!

Көнүктүрүү практика

Бишкек шаарынын Токтогул Сатылганов атындагы 69-тарбия комплекс гимназиясында дене тарбия адистигинин дтб-21-9-1 группасынын студенттери
Көнүктүрүү практикасын өтүү учуру 31.01.2023 – жыл

“Ден соолук” спартакиадасы

2023 – жылдын 11-январында Т.Эрматов атындагы БМПКнын окутуучулар жана кызматкерлер арасында “Ден соолук” спартакиадасы болуп өттү. Спартакиада волейбол, стол тенниси, стритбол, эстафета оюндары боюнча мелдешишти.

Мелдешке Администрация, “Башталгыч класстарда окутуу” бөлүмү “Музыкалык билим берүү бөлүмү” жана Педагогикалык билим берүү” бөлүмдөрүнүн командалары катышышты.

Жыйынтыгында, төмөнкүдөй орундарга ээ болушуп грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

I орун “Башталгыч класстарды окутуу” бөлүмү

II орун Администрация

III орун “Педагогикалык билим берүү” бөлүмү

IV орун “Музыкалык билим берүү” бөлүмү

“Манас жана адабият”

4-декабрь Манас, 12-декабрь Улуттук адабият күнүнө карата Т.Эрматов атындагы БМПКда “Манас жана адабият” жумалыгы жарыяланып, өз ичине бир нече иш-чараларды камтып, 12-декабрь күнү жыйынтыкталды. Жыйынтыктоочу таймашка окуу жайдын төрт бөлүмү катышып, жыйынтыгында байгелүү орундарга ээ болушту.

Жумалыктын программасы

  1. Дубал газета жактоо
  2. “Манас” эпосунан үзүндү айтуу
  3. Сценка көрсөтүү
  4. Көркөм окуу
  5. Макал-лакап айтышуу