Музыкалык билим берүү бөлүмү

“Эл аспаптар кафедрасы”

“Эл аспаптар кафедрасы” тарабынан чакан концерт өткөзүлдү. Иш чарага бүтүрүп кеткен студенттер да активдүү катышып беришти.

“Мыкты практикант”

  • Музыкалык билим берүү ” адистиги боюнча
    МО- 18- 9 -2 группасынын студенти Исенбеков Даниэл 1- байгеге жетип,
    ” Мыкты практикант – 2022″ Диплом менен сыйланды.
    Жалпы 14 конкурсант болду. Калган катышуучуларга ” Уюштуруучу практикант”, “Креативдүү практикант” “Мекенчил практикант” сыяктуу номинациядагы дипломдор тапшырылды.
  • БМПКнын директору Т.Р. Колдошов ар бир конкурсантка Д.Шаматовдун китебин белекке тартуулады.
  • Профсоюз уюмдун төрагасы Абдигапаров Н.А. конкурстун жеңүүчүлөрүнө 1миң сомдон тапшырды.
  • Бөлүм башчылары да студенттерин колдошту.

МУЗЫКА БӨЛҮМҮНҮН ОТЧЕТТУК КОНЦЕРТИ

Биздин окуу жайдын Музыкалык билим берүү бөлүмүнүн декаданын алкагында уюштурулган концерти болуп өттү. Концертке музыка бөлүмүнүн мугалимдер жааматы жана таланттуу студенттер катышты.

Санариптешүү кесиптик ишмердикке заманбап мамиле

2022-жылдын 15-апрелинде И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университеттин алдындагы Мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурган “Санариптешүү кесиптик ишмердикке заманбап мамиле” аттуу семинар-тренинг болуп өттү.

Аталган семинарга Т. Эрматов атындагы БМПКнын мугалимдер жамааты катышып, жыйынтыгында квалификацияны жогорулатуу курсунан өткөндүгүн тастыктоочу сертификаттар тапшырылды.

Окуу жайлар арасындагы келишим

Т. Эрматов атындагы БМПК жана Кыргыз-Түрк Манас университетинин Көркөм өнөр факультети менен түзүлгөн келишимдин алкагында биргеликте билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча алгачкы жолугушуу концертин беришти.

“Кел, нукура кыргыз тилинде тилинде сүйлөшөлү”

БМПКда мамлекеттик тилди жайылтуу, студенттердин коомдук турмушуна аралаштыруу максатында окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн тайпалар менен “Кел, нукура кыргыз тилинде сүйлөшөлү” аталышындагы бир жумалык акция болуп өттү.

Акция 2022-жылдын 1-апрелинен 1-майына чейин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча “Улутту улут кылган-тил” аталышындагы бир айлыктын негизинде ишке ашырылды.

Акцияга “Музыка билим беруу” бөлүмүнүн студенттери активдүү катышышты.

Жаңы кызматташуу- жаңы мүмкүнчүлүк

Нооруз

БМПКда Нооруз майрамы өткөрүлдү. Нооруз- тазалыктын, теңдиктин, дыйканчылыктын, жаздын, жаңыруунун, жаңы башаттын майрамы катары белгиленет. Нооруз майрамын ритуалсыз элестетүү мүмкүн эмес. БМПКнын жамааты уюштурган бул саамалыкта да кыргыз элинин Нооруз майрамына карата ишенимдери сахналаштырылып көрсөтүлдү.

Окуу жайыбыздын короосуна эки боз үй тигилип, улуттук тамак-аштардын, улуттук кийимдердин көргөзмөсү, улуттук спорт оюндары уюштурулуп, концерттик программа менен коштолду. Улуттук фольклорубуздан “Манас”, элдик ырлар, классикалык ырлар, хор, эстрада жана Кыдыр Ата, Умай Эне, Баба Дыйкан менен көркүнө чыкты.

Иш-чарага КР ББжИМ орун басарлары, Чүй облустук билим берүү борборунун жетекчилери, Бишкек шаарындагы мектептердин, бала бакчалардын жетекчилери, мектеп окуучулары, шаарыбыздын тургундары, катышышты.

Нооруз – достуктун, ынтымактын, тилектештиктин майрамы!