Окуу иштери

               USAIDдин “Окуу керемет!”долбоору ишке ашууда

     USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору – башталгыч класстардын окуучуларынын окуу жана математика боюнча окуу жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган беш жылдык долбоор. Долбоор өз ишин 2019-жылы 1-ноябрда баштаган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен USAIDдин ортосунда 2020-жылдын август айында кол коюлган өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумдун алкагында ишке ашырылат. «Окуу керемет!» долбоорунун негизги максаттарынын бири — башталгыч мектепте окууну жана математиканы окутуунун сапатын жогорулатуу.   

      Т.Эрматов атындагы БМПКнын «Башталгыч класстарда окутуу» бөлүмү USAIDдин “Окуу керемет!”долбоору менен бирге иш алып барууда. Улуттук – тренер Нусупова Г.Ш мугалимдерге усулдук колдоо көрсөтүү жана аны практикада колдонуу максатында окутуучулар арасында “Башталгыч мектепте ар түрдүү предметтерди окуп үйрөнүү процессинде балдар адабиятынын чыгармаларын интеграциялап окутуу» деген темада  семинар-тренинг өткөрдү.

              Студенттерге дем берген  «Окуу керемет!» долбоору

      Долбоордун биринчи жылында окуу жана жазуу боюнча башталгыч класстардын мугалимдери үчүн беш окутуу модулдары иштелип чыкты. Бул материалдар Кыргызстанда буга чейин ишке ашырылган USAIDдин «Бирге окуйбуз» (2013-2017) жана «Келгиле окуйбуз» (2016-2021) долбоорлорунун алкагында иштелип чыккан базалык модулдардын негизинде түзүлгөн. 

    Т.Эрматов атындагы БМПКнын «Башталгыч класстарда окутуу» бөлүмүндө 2019-2020-окуу жылынан баштап, “«Келгиле окуйбуз»долбоорунун негизинде “Окуу көндүмдөрү”дисциплинасынан    билим берилип  келет.  Окутуу программасы дифференцияланган мамилени колдонуп, башталгыч класстардын окуучуларынын окуу, окуганын түшүнүү, күн сайын жана чыгармачыл жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталат. Окутуунун натыйжалуулугу жана сунушталган окутуу стратегияларын сабакта кеңири колдонулат. Студенттер өздөрүнүн алган билимдерин көнүктүрүү практикаларында кайтарым байланыш менен бышыкташат.

   2021-жылдын 17-декабрында Бишкек шаарындагы №96 орто мектебинде өткөн      USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун  областык семинарында  3-курс, БКк-19-9-3-группасынын студенти Сыргаков Мухаммед-Али  «Иллюстрацияланган китептер аркылуу ар түрдүүлүктү талккуулоо» стратегиясын колдонуу менен 3-класста сабак өттү.

     Стратегияны колдонуунун максаты – иллюстрацияланган китептер аркылуу ар түрдүүлүктү талккуулоо» стратегиясынын негизинде китептеги визуалдык сүрөттөр аркылуу, маданий, тилдик, биологиялык, социалдык, физикалык, расалык, этникалык, жана коомдогу ар түрдүүлүктүн башка түрлөрү түшүнүктүү жана терең ачып берүү.

   Семинардын жыйынтыгында «Башталгыч класстарда окутуу» бөлүмүнүн  студенти Сыргаков Мухаммед-Алиге жана анын окутуучусу Улуттук-тренер  Г,Ш.Нусуповага терең ыраазычылык билдирилип,сыйлыктар ыйгарылды.

 

Т.Эрматов атындагы БМПКнын ЖОЖдор менен кызматташуусу

     2021-жылдын 17-декабрында Бишкек шаарындагы №96 орто мектебинде өткөн      USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун  областык семинарында  окуу жайдын “Кыргыз тили,адабияты жана аны окутуунун усулу” ПЦКсынын окутуучусу жана Улуттук-тренер    Нусупова Г.Ш  Жусуп Баласагын атындагы КУУнин студенттерине жана И.Арабаев атындагы КМУ студенттерине    “Адабий ийримдер” стратегиясы боюнча семинар-тренинг өттү.

  Стратегияны колдонуунун максаты –“Адабий ийримдер” стратегиясы – бул окуучуларды  белгилүү бир функцияларды (ролдорду) аткаруу менен кичи топтордо иштөө үчүн бөлүштүрүүгө багытталган стратегия. Бул стратегия окуучуларга  бир эле учурда ар түрдүү жолдор менен окугандарын  түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет (визуализация, жалпылоо, салыштыруу, турмуштук тажрыйба менен окуганын байланыштыруу,сөз байлыгын кеңейтүү)