Мектепке чейинки билим берүү бөлүмү 1969-жылы Фрунзе музыкалык-педагогикалык училищасынын алдында ачылып, алгач Б.Ф.Кабальнова болүмдү жетектеген. 50 жылдык тарыхы бар болүмдүн бүтүруүчулорү Кыргызстандын агартуу тармагында үзүрлуу эмгектенишуүдө. Бөлүмдун ишинин илгерилишине жана коомдо Мектепке чейинки билим беруу адистерине болгон суроо талаптын жогорулашына байланыштуу жаңы билим берүу стандарты, мектепке чейинки билим берүунүн программасы иштелип чыккан. Мектепке чейинки билим беруу бөлүмүнүн студенттери “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээлери Д.О.Кутманалиева, К.И.Осмонкулова, Б.С.Сатыбекова ж.б. билим алышат.
2009-жылы Дене тарбия адистиги ачылган. Бөлүмдун студеттери шаардык, Республикалык жана эл аралык мелдештерге катышып (тогуз коргоол, эркин курөш, бокс), байгелуу орундарды багындырышкан. Студенттерибиз кичи футбол жана бокс боюнча улуттук курама команданын мучөлөрү болушту. Адистик ачылгандан баштап, азыркы учурга чейин студенттер күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүндө билим алышат.
Бөлумдө эркин күрөш боюнча СССРдин спорт чебери, “Билим берүүнүн мыктысы” З.К.Салыбаев, КРнын эмгек синирген машыктыруучусу, эркин курөш боюнча спорт чебери А.А.Эсенбеков, бокс боюнча машыктыруучу, улуттук даражадагы калыс А.Т.Сыдыгалиев окутуучулары эмгектенишет.
2018-жылы Чет тили адистиги ачылып, башталгыч класстарда чет тили мугалимдерин даярдап баштаган.Чет тили адистигинде студенттерге “Билим беруунун мыктысы” төш белгисинин ээси У.А.Эрназарова, Ж.М.Абдылдаева баш болгон тажрыйбалуу адистер чыгармачылык менен билим беришет. Бөлүмдүн студенттери бала бакчаларда, мектептерде, педагогикалык практикаларын ийгиликтүү өткөрүп, мугалимдик кесипти аркалап жатышат.
2009-2020-жылдар аралыгында Дене тарбия, Мектепке чейинки билим беруу жана Чет тили болүмүн “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси Маманазаров Тендик Сартбаевич жетектеген. 2020-жылдын сентябрь айынан 2021-жылдын январына чейин Сыдыгалиев Алымкул Темиргазиевич бөлүм башчы болуп иштеген.
Азыркы учурда Көчөкова Жаңыл Курманбековна Педагогикалык билим беруу болумунүн болүм башчысы болуп иштеп жатат.
23-апрель БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КИТЕП күнү
Китеп билим булагы, китеп билим чырагы.
Сен китепти ачсан, сени китеп ачат. (Ч.Айтматов)
Дүйнөдө китептен сүйкүмдүү дос жок.
Окуу- билим азыгы, билим- ырыс казыгы.
Билимдүүгө дүйнө жарык
Китеп күнүнө карата окуу жайда “Келгиле китеп окуйлу” акциясы жарыяланып, тайпалар, көрсөтүлгөн график менен китепканага барышып, бир нече китеп барактарын барактап, китеп окушуп, чындыгында китеп менен дос болуу керектигине макул болушту. Китепкана жетекчиси Кенжебаева Гулжакан эже менен китеп тууралуу баарлашуу болуп, эже студенттерди китепти коп окууга чакырып кетти. Китепти коп окусан кыялдарын алыска учуп, анда сен оң-терс каарманды да жаратып, сүрөтчү да болуп, кабагың бирде ачылып, бирде туйулуп, ал чыгарма менен жан дүйнөн бирге жашап калат. Китеп окуу көпчүлүктүн хоббиси болсо, кандай сонун болот эле…
ИШЕМБИЛИК- бул коомдун пайдасы үчун коллективдүү түрдө өз ыктыяры менен акысыз иштеген кун. Жаздын келиши менен группалар аудиторияларды жууп тазалап, жылууланган терезелерди ачып, окуу жайдын айлана- чөйрөсүн тазалап, гүл олтургузуп, Ахунбаев -Абай көчөсүнөн Скрябин көчөсүнө чейин ишембилик кылышты. Тазалык бул жарыктык, тазалык бул күзгү. Бир айда гана эмес, кун жылыгындан тарта, ар бир айда ишембилик жасап турсак, өсүп келе жаткан муундарды айлана- чөйрөнү таза кармоого, таштанды таштабоого, жаратылышты сүйүүгө тарбиялоо болот. Келечек муундарына, ишембиликке активдуу катышуу керек экендигин айта жүрүшүбуз абзел. Адам баласы, жаратылыш бизди сактаарын сезсе, анда жаратылышты бүлүндүрбөй сактап, гүлдөрдү айдап, көчөттөрдү олтургузууга тарбияланып, тарбия калыптанып калса эн сонун эле…. Таштандыдан арылыш үчүн өзүбүз балдарыбызга үлгү болушубуз керек! Башка чара жардам бере албайт! Жаратылышты сүйөлү! Жаратылышты сактайлы! Мекенибизди көрктөндүрөлү! Ал колубуздан келет!
Академиялык мобилдуулук бул билим беруу жана маданият багыттарында кызматташтыкты өркүндөтүү. Студенттердин өз каалоолору, ата -энелердин колдоосу менен академиялык мобилдүүлүккө бөлүмдүн студенттери “Мектепке чейинки билим берүү”, “Чет тили”, “Дене тарбия” адистиктери боюнча ОшМУ, Нарын педагогикалык колледжине барышып, жакшы пикирлер, сунуштар менен келип жатышат. Ал окуу жайлардан бизге келип жатышат. И.Арабаев атындагы университетинин колледжинен да студенттер азыркы учурда биздин окуу жайда окуп жатышат. Бизден ал окуу жайга да кетишти. Бул мобилдүулүк, студенттердин келечегине жол ачып, кыялдарын орундатат. Студенттерибиз, билимдүү, тажрыйбалуу, изденген келечек ээлери болушсун! Студенттик убакыт бир гана окуу үчүн мүмкунчүлүк берилген убакыт. Ошол убакытты ким туура пайдалана билсе, анын жашоосу таттуу болот. Студенттерге ийгилик каалайлы!
Китеп жумалыгы алкагында “ЧЕТ ТИЛИ” адистигинин 2-курсунун студенттери Бишкек шаарынын К.Баялинов атындагы китепканага барышып, “АМЕРИКА БОРБОРУ” бөлүмүнө атайын чакырылган АКШ элчилигинин өкүлү Debra Penhapt айымы менен баарлашып кайтышты. Студенттер элчилик өкүлү менен эркин баарлашып, ойлорун билдире алгандары бизге шык берди. Өзгөчө белгилеп кете турган болсок, Сапарбеков Илгиз, Айбеков Бекзат англис тилинде Debra айым менен эркин маек курушту. Илгиз өтө активдуу катышуусу менен белектерге да ээ болду. Адистикти тандап келген соң, аз убакыт ичинде, убакытты туура пайдаланып, жакшы эле тапшырып алыптырмын, бир нерсе үйрөнүп чыктым деп, жылмаюу, сыймыктануу менен дипломду колго алса, кандай сонун! Студенттердин окууларына ийгилик каалайбыз! Студенттерди уюштуруп, жектектеп барган китепкананын кызматкерлерине терең ыраазычылык!
Мамлекеттик тилди өнүктүруүү боюнча “Улутту улут кылган тил” жарлыгынын негизинде Дене тарбия сабагынын окутуучусу Маманазаров Теңдик Сартпаевич улуттук оюндарды өркүндөтүү максатында “Дене тарбия сабагын кыргыз тилинде өтүу ыкмасын көрсөтүп берүу жана улуттук оюндарды дене тарбия сабагында колдонуу” темасында ачык сабак өткөрдү. Сабакта, унутулуп бараткан, б.а. Нооруз майрамында гана ойнолуп калган улуттук оюндарды коро алдык. Мисалга алсак, жаздык чаппай, таяк тартыш, эр эңиш оюндарын кыздар-балдар кызыктуу, активдүулүк менен корсото алышты. Бул сабакта студенттер, улуту кыргыз экенин, кыргыздын улуттук оюндары менен сыймыктанса болот экенин, унутта калтырбай ойноп жүрүү керек экенин жүрөгү менен сезишсе керек деген чоң үмүт болду. О.э. сабакта эстафеталык оюндар да болду. Сабакта студенттер берилип ойношуп, өзүлөрүнө да аябай жакты. Спорт дайыма керек экенин билип эле койбостон, аны аткара, жасай билсек, денебизде кан айлануу жакшырып, ден соолугубузга кам көргөн болот эмеспизпи. Андыктан, ден соолукту чыңдайлы. Спорт мамлекеттин келечеги!