Колледждин тарыхы

Бишкек музыкалык-педагогикалык окуу жайы- жалпыга билим берүүчү мектептердин ырдоо сабагынын орто билимдүү мугалимдерин даярдоочу окуу жайы болуп, Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1966-жылдын 15-июлундагы токтомунун негизинде ачылган.

Ачылган күндөн баштап 200 дөн ашуун окутуучулар миӊден ашуун окуучуларга билим, тарбия беришкен. Ошол мезгилде 10 жылдан ашуун педагогикалык стажы бар 80 окутуучу эмгектенген жана 20 окутуучу КРдин Эл агартуусунун отличниги, КРдин Эмгек сиӊирген артисттери наамдарына ээ болгон тажрыйбалуу мугалимдер иштеген.

Жаӊы ачылгандан тартып 3 чоӊ бөлүм төмөнкү кесиптик багыттар боюнча адистерди даярдап чыгарышкан:

– музыкалык билим берүү, мектепте ырдоо сабагынын мугалими, бала бакчада музыкалык тарбиячы;

– мектепке чейинки тарбия берүү, (мектепке чейинки мекемелердин тарбиячысы);

– башталгыч класстарда окутуу, (башталгыч класстын мугалими).

Азыркы күндө биздин бүтүрүүчүлөр Республиканын бардык булуӊ- бурчунда, бала бакча, мектеп, лицей, орто жана жогорку окуу жайларында эмгектенишет. Алардын арасында эмгеги менен элге таанылган, белгилүү наамдарга ээ болгондору көп.

2011-жылы окуу жайга белгилүү композитор Таштан Эрматовдун ысымы ыйгарылган. Бүгүнкү күндө Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи толук кандуу иштеп, заманбап жабдылган кабинеттери, жыйындар залы, китепкана, жатакана, ашканасы бар.

Азыркы күндө окуу жайда 130дан ашуун окутуучу эмгектенип, 1400 студент билим алышат.

КРдин кесиптик билим берүү боюнча токтомдорун аткаруу менен колледждин педагогикалык жамааты «Окутуу жана тарбиялоонун сапаты үчүн» аттуу девиздин алдында окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу жана кесиптик багыт берүүсүнө басымдуу көӊүл бурушат. Окутуу жана тарбиялоонун актуалдуу проблемалары боюнча методикалык заманбап усул- ыкмаларды топтоп, музыка жана ырдоо, мектепке чейинки педагогика, башталгыч класстарда окутуу адистиктери үчүн методикалык кабинеттерди ачкан.

Колледжде адистикке киришүү сабактары менен катар эле, жалпы билим берүүчү орто мектептин предметтери: физика, кыргыз тили, адабияты, тарых, математика, химия сабактары да өтүлөт.

«Музыкалык билим берүү» бөлүмүндө хорду дирижирлөө, музыкалык класс жана техникалык каражаттарды окутуунун кабинеттери бар. Дирижирлөө – музыкалык-педагогикалык окуу жайынын программасында бирден–бир негизги предмет катары каралат.

Предметтин негизги милдети хорду дирижирлөөнүн техникасы боюнча көндүмдөрдү, дирижирлөөнүн кыймыл-аракетинин көркөмдүүлүгүнө жетишүү үчүн техникалык каражаттарды билүүгө, мектеп репертуарындагы чыгармаларды өз алдынча талдоого, балдар хору үчүн да чыгармалардын вокалдык-хордун кыйынчылыгын аныктоого, ырдоо сабагын жана балдар хорун класста уюштура билүүгө үйрөтүү болуп саналат. Мындай чоӊ милдетти аткаруу окутуучулардын чеберчилигине негизделет.

Музыкалык искусство өсүп келе жаткан жаш муундарга эстетикалык тарбия берүүнүн күчтүү куралы болуп эсептелет. Жалпы билим берүүчү мектептердин алдында турган негизги максаты – бардык окуучулардын музыкалык искусствого болгон кызыгуусун ойготуу, музыканы түшүнүүнү анын мазмунун, идеясын жана сезимин тереӊден өздөштүрүүсүн калыптандырууга багыттоо. Мектептеги музыкалык тарбиялоонун негизи болуп ырдоо сабагы жана музыка эсептелет. Ал эми музыка жана ырдоо сабагынын негизин хордук ырдоо түзөт. Музыкалык жамааттын чыгармачылыгын көрүнүктүү орунга алып чыгуу менен музыка жана ырдоо сабагынын мугалиминин ролу негизги экендигин көрсөтүп турат. Анткени анын кесиптик даярдыгы, кругозору жана балдарга болгон сүйүүсү музыкалык тарбия берүүнүн өзөгүн түзөт.

Ырдоо – музыкалык искусствонун негизги түрү, бала бакчада жана мектептерде балдарды түздөн-түз окутууга шарт түзөт.

Үндү калыптандыруу (тарбиялоо) ырдоо сабагынын мугалимдерин даярдоо системасында бирден–бир кесиптик тартип болуп эсептелет.

Инструментте ойноо келечектеги мугалимге класстан тышкаркы жана сабактагы музыкалык чыгармаларга анализ берүүгө жана мыкты аткарууга жардам берет.

«Музыкалык билим берүү» бөлүмүндө 5 багыттагы ПЦК (предметтик- циклдык комиссия) иш алып барат:

  • Үндү калыптандыруу;
  • Элдик аспаптар;
  • Фортепиано;
  • Хорду дирижирлөө;
  • Музыканын теориясы – тарыхы жана методикасы.

Кесиптик практиканын бардык түрү Бишкек шаарындагы эӊ алдыңкы орто мектеп, бала бакча, лицей-гимназияларында методисттердин, мектеп мугалимдеринин жардамы менен жүргүзүлөт.

«Музыкалык билим берүү» бөлүмүндө 44 окутуучу эмгектенет. Алардын бардыгы жогорку билимдүү, кесипкөй адистер. Арасында эл аралык музыкалык конкурстардын лауреаттары, эл агартуунун жана маданияттын мыкты кызматкерлери эмгектенишет.

«Мектепке чейинки билим берүү» бөлүмү 1969-жылы Фрунзедеги музыкалык-педагогикалык училищасынын алдында ачылып, В. Ф. Кабальнова бөлүмдү жетектеген. 50 жылдык тарыхында бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын агартуу тармагында үзүрлүү эмгектенип келе жатышат. Бул бөлүмдүн кесипкөй адистерди жогорку деӊгээлде даярдап чыгарганын билдирип турат. Бөлүмдүн ишинин илгерилешине жана коомдо мектепке чейинки билим берүү адистерине болгон суроо талаптын жогорулашына байланыштуу жаӊы стандарт, мектепке чейинки билим берүүнүн программасы иштелип чыккан.

«Башталгыч класстарда окутуу» бөлүмү 1980-жылы ачылган. Бөлүмдө окутуучулардын коллективи калыптанды. Ошол күндөн бери Республиканын мектептерине адистерди тарбиялап келе жатышат. Бөлүмдүн 40 жылдык тажрыйбасында башталгыч класстардын жүздөгөн мугалимин даярдашты. Азыркы күндө биздин бүтүрүүчүлөр Республиканын булуң-бурчунда мектептерде иштеп, билим берүү министрлигинин Ардак грамоталарына, «Билим берүүнүн мыктысы» наамдарына ээ болушкан.

Биздин окутуучулар чыгармачыл инсандар, оз ишинин мыкты устаттары. Сабактарда студенттердин өз алдынча жана чыгармачылык иштерине көп конүл бурушат. Окутуучулар сабактарын заманбап усул-ыкмаларды колдонуу, кесиптик багыт беруу менен өткөрүшөт. Теориялык билим менен бирге өндүрүштүк иш эриш-аркак жүргүзүлөт. Кесиптик практиканын бардык түрү Бишкек шаарындагы эң алдынкы орто мектеп, лицей-гимназияларда (№45, №62, №64, №69, №71, №66, №72, №79) үзгүлтүксүз жыл бою методисттердин жетекчилиги менен жүргүзүлөт. Бул чыныгы өз ишин билген, кесибин сүйгөн адистердин даярдалышына шарт түзөт.

«Башталгыч класстарда окутуу” бөлүмүн «Билим берүүнүн мыктысы” М. Т. Абытов жетектейт. Бөлүмдө 48 окутуучу эмгектенет. Алардын ичинде 24 окутуучу “Билим берүүнүн мыктысы» наамына, 31 окутуучу КРдинн билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасына, 8 окутуучу КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын «Кыргыз тили» төш белгисине ээ болушкан.

Колледждеги тарбиялык иштер мамлекеттик билим берүүнүн стратегиясынын негизинде өткөрүлөт. Тарбиялык иштер студенттердин өздүк профессионалдык өнүгүүсүн эске алуу менен жүргүзүлөт.

2009-жылы «Дене тарбия» бөлүмү ачылган. Бөлүмдүн студенттери шаардык, Республикалык жана эл аралык мелдештерге (тогуз коргоол, эркин күрөш, бокс ж.б.) катышып, байгелүү орундарга ээ болуу менен мыкты жыйынтыктарга жетишип келишет. Бир канча студенттерибиз кичи футбол жана бокс боюнча курама команданын мүчөлөрү болушту.

2018-жылы «Чет тили» бөлүмү ачылган. Анда башталгыч класстарда чет тили мугалимдерин даярдайт. Бөлүмдүн студенттери бала бакчаларда, мектептерде педагогикалык практиканы ийгиликтүү өткөрүү менен окууну аяктаганда Республиканын билим берүү тармагында чыгармачылык менен иштеп жатышат.