Электронные библиотеки

  

 Китепкана

            БМПКнын китепканасында 63 000ден ашуун китеп фонду бар. Китеп фонддо музыкалык билим берүүгө байланыштуу китептер, музыканын теориясы жана тарыхы, композиторлордун өмүр баяны, клавирлер, ноталар бар. Бул фонд бардык китептердин жарым пайызын тузөт.

  Ошондой эле биздин китепканада кыргыз музыкасы жөнүндө уникалдуу эмгектер көп. Алардын катарында 1958-жылы чыккан Абдылас Малдыбаевдин «Эмгегим эл үчүн» чыгармасы автордук ырларын, романстарын, хорлорун камтыган.    Белгилүү музыка таануучу                                      В. Виноградовдун 1961-жылы жарык көргөн «Музыкальное наследие Токтогула» деп аталган монографиясы, 1962-жылы чыккан ушул эле автордун улуу музыкант, кыргыз музыкасынын корифейи Мураталы Күрөңкөев жөнүндө «Мураталы Күрөңкөев» аттуу көлөмдүү эмгеги бар.

Мындан сырткары, китепкана фондусуна мектепке чейинки тарбия берүү жана башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоо боюнча төмөнкү китептер кирет: педагогика, психология, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, чет тилдер, анатомия, математика, информатика, мекен таануу, технология, сүрөт, музыка, дене тарбия предметтери боюнча окуу китептери, усулдук иштелмелер, 1-4- класстар жана 10-11- класстар үчүн окуу китептери, кыргыз жана орус тилдериндеги көркөм адабияттар, энциклопедиялар, сөздуктөр, справочниктер.

Китепкана акыркы жылдары ар кандай долбоорлор аркылуу жаңы китептер менен толукталды. «Soros Kg fond» менен кызматташуунун негизинде китепканага 5 миң нускада педагогика, психология, музыкалык тарбия предметтери боюнча окуу китептери жана методикалык колдонмолору алынган.

Мындан сырткары, Германиянын «Реформа образования в Центральной Азии (Кыргызстан)» (GIZ) проектиси аркылуу китепканабыздын фонду 2 миң нускадагы китеп менен толукталды.

         2018-жылы КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясы, КР УИА жана КР БИМ биргелешип окуу жайдын китепканасына 370 миң сомго 420 нуска китеп бөлүп берди. Алар кыргыз акын-жазуучулардын чыгармалары, жомоктор, айтыштар, балдар фольклору, мифтер, тил жана адабият, тарых боюнча изилдөөлөр. Бул баа жеткис чыгармалар китепканабыздын фондун байытты, студенттерибизге руханий азык болду.

Өзгөчө улуу манасчылар Тоголок Молдо, Молдобасан Мусулманкулов, Багыш Сазанов, Акмат Рысмендеев, Мамбет Чокморов, Жаңыбай Кожобековдордун «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторунун варианттары китепканабыздын «Алтын фонду» болуп кала берет.

Фонддогу китептер менен окурмандар окуу залынан таанышса болот жана маалыматтарды электрондук каражаттар аркылуу алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Электрондук китепкана негизделип, жаңы китептер менен толукталып, жаңыланып турат.

Китепканада окурмандарды, окуу процессин китепканалык тейлөөдөн сырткары 23-апрель китеп күнүнө, 12-декабрь адабият күнүнө жана жылдын башка даталарына карата ар кандай массалык иш чаралар уюштурулат. «Китеп жумалыгы», «Билим майрамы», окурмандардын конференциялары, белгилүү адамдар менен жолугушуулар.

Китепканада окурмандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. 50 орундуу окуу залы жарык, жылуу, жаңы эмеректер менен жасалгаланган.

Абонемент жана окуу залы саат 8-00 ден 17-00 гө чейин окурмандарды тейлейт.

Окурмандарды тейлөөдө билимдүү, компетентүү адис китепканачылар эмгектенет.

2022-жылдын 19 апрелинде китеп жумалыгынын алкагында БМПКнын “Чет тил” адистиги боюнча окушкан студенттер Бишкектеги К.Баялинов атындагы китепканадагы “Америка Борбору” бөлүмүнө атайын чакырылган АКШ элчилигинин өкүл DEBRA PENHAPТ айымы менен маек болуп өттү.