Жаштар кеңеши

           Жаштар Кеӊеши– Т.Эрматов атындагы БМПКде  студенттердин өзүн-өзү башкаруусунун бир формасы болуп эсептелет.

         Жаштар Кеӊеши жаштардын студенттик турмушундагы маанилүү маселелерди чечүүгө, алардын социалдык активдүүлүгүн жана социалдык демилгелерин колдоого, колледждеги билим берүү процессин  башкарууга катышуу укугун ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

        Жаштар Кеӊеши – Т.Эрматов атындагы БМПКдин директору тарабынан бекитилген жалпы жоболордун негизинде колледждин күндүзгү окуу формасында окуган студенттерди жетектөөчү орган катары иш жүргүзөт. Жаштар Кеӊешинин ишмердүүлүгү колледждин жалпы студенттер жамаатынын макулдугу менен  жүргүзүлөт.

       Жаштар Кеӊеши колледждин студенттерин бириктирет жана бардык уюштуруучулук иштерин жөнгө салат, студенттердин сабактан тышкаркы коомдук иш чараларын пландаштырат жана уюштурат;

       Жаштар Кеӊеши жаштардын бул өз ыктыяры менен түзүлгөн  бирикме, колледждин ар бир студенти  Жаштар Кеӊешине шайланууга жана шайлоого укуктуу.

Жаштар Кеӊешинин негизги максаттары жана милдеттери:

  • Т.Эрматов атындагы БМПКнын студенттерин   жаштарга тиешелүү бардык маселелерди  чече билүүгө тартуу;
  • студенттердин укуктарын жана  кызыкчылыгын коргоо;
  • студенттердин адистиктерге карата  кызыкчылыктарын эске алуу менен алардын билим сапатын жогорулатуу максатында, сабак жадыбалын, зачет жана экзамендердин графигин түздөөгө, педагогикалык  практиканы уюштурууга, өз адистигин мыкты билген жаш  адистерди даярдоо процессине активдүү катышуу;
  • колледждин ишмердүүлүгү жөнүндө студенттерди кабардар кылуу;
  • студенттердин колледждеги жашоо тиричилигин жана эс алуусун оптималдаштырууга катышуу;
  • колледждин студенттеринин ар тараптуу  өнүгүүсүн камсыз кылуу; тарбиялык  иш чараларды  даярдоо жана өткөрүү;
  • студенттердин атуулдук позициясын, улуттук  маданиятын, инсандык  адеп-ахлактык  сапаттарын калыптандыруу;
  • жаштардын демилгесин өнүктүрүү жана   өз алдынча чыгармачылык активдүүлүгүн өстүрүү; студенттерди  колледждеги салттуу иш чараларга катыштыруу,  студенттер  тарабынан түзүлгөн программаларды, ар түрдүү багыттагы (педагогикалык, көркөм өнөр, музыкалык, техникалык ж.б.) долбоорлорду  колдоо жана ишке ашырууга жардам берүү;
  • студенттердин коомдук аӊ- сезимин жогорулатуу, колледждин мүлктүк каражаттарына жооптуу мамилесин калыптандыруу;
  • студенттердин республикалык, шаардык, райондук иш чараларга жаштардын катышуусу үчүн колледждин студенттеринин өкүлдөр  тобун түзүү жана бекитүү;
  • колледждин студенттерин сыйлоо маселесин кароого,   студенттер тарабынан түшкөн  даттануулар жана сунуштар арыздарын кароого катышуу;
  • Жаштар Кеӊешинин  чогулуштарын өз убагында өткөрүү жана тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү.

КУРМАНКУЛ КЫЗЫ МАДИНА

ЖАШТАР КЕҢЕШИНИН ЖЕТЕКЧИСИ

АСЕКОВ КЫЛЫМ

МАДАНИЯТ СЕКТОРУ

УЛАНБЕК КЫЗЫ ГҮЛНУР

МААЛЫМАТ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ

СУЙУНБЕКОВА НАЗИКА

МАДАНИЯТ СЕКТОРУ

АСКАРБЕКОВ ДАЛИЛ

МАДАНИЯТ СЕКТОРУ

НАЗИРБЕКОВА АЙДАНА

ЭМГЕК СЕКТОРУ

АБДРАХМАН КЫЗЫ АЛЬБИНА

ИЛИМ-ОКУУ СЕКТОРУ