“Кел, нукура кыргыз тилинде сүйлөшөлү!” акциясы жүрүүдө

БМПКда мамлекеттик тилди жайылтуу, студенттердин коомдук турмушуна аралаштыруу максатында окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн тайпалар менен “Кел, нукура кыргыз тилинде сүйлөшөлү” аталышындагы бир жумалык акция болуп өттү.

Акция 2022-жылдын 1-апрелинен 1-майына чейин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча “Улутту улут кылган-тил” аталышындагы бир айлыктын негизинде ишке ашырылды.

Ак калпак күнү

БМПКда 5-март Ак калпак жана улуттук кийим күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Кечеге окуу жайдын жамааты, студенттер катышышты.

БМПКнын директору, ф.и.к., доцент Т Р Колдошов баштаган агайлар куттуктоо үчүн сөзго чыгып, студенттерибизге калпактын уникалдуулугу тууралуу айтып беришти.

Атайын конок катары чакырылган Бишкек шаар белгисинин жана байрагынын автору, КРнын жаштар сыйлыгынын лауреаты, “Эл куту чебер” наамынын ээси, сүрөтчүлөр саюзунун мүчөсү Асаналиев Майрамкул агабыз келип ак калпактын аруулугу боюнча сөз сүйлөдү.

Жылда 5-март Кыргызстанда улуттук баш кийим Ак калпак куну белгиленет. Бул күнү жогорку кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825 VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо, элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.

Ак калпак күнү официалдуу эмес түрде 2011-жылы майрамдала баштаган. Ак калпак күнүн белгилөөнүн инициатору режиссер Рысбек Жабиров болгон.

Ал эми 5-март калпак күнү байчечекейлер чыгып, жаздын алгачкы күндөрүнүн бири болуп, эң ылайыктуу күн катары кабыл алынган. Жылдан жылга майрамдык күн массалык популярдуулукка ээ болуп, 2016-жылы официалдуу статус алган.

БМПКда мамлекеттик туу күнү белгиленди

3-март Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун кабыл алынган күнүнө жана 30 жылдыгына карата иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чарага окутуучулар жана студенттер катышышты. Салтанаттуу жыйында окуу жайдын жетекчиси Т. Р. Колдошов жамаатты, студенттерди мамлекеттк туу күнү менен куттуктап, мамлекеттик туунун мааниси, мазмунуна кеңири токтолду.

Табигий илимдер ПЦКсынын башчысы, тарыхчы А. Дүйшөнова мамлекеттик туунун тарыхына, түсүнө жана жалпы мазмунуна түшүндүрмө берип, баяндама жасады.

Салтанаттуу жыйын Ата Мекен темасында патриоттук ырлар менен коштолду.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген.

Академиялык мобилдүүлүк-алдыңкы тажрыйба

Орто кесиптик билим берүү мекемелеринин кызматташуу тууралуу келишимине ылайык БМПКга академиялык мобилдүүлүк боюнча Ош МУга караштуу Эл аралык билим берүү программалар колледжинен тажрыйба алмашуу үчүн студенттер келишти. Алар БМПКнын Чет тили адистиги боюнча билим алган студенттери менен бирге окушат.

Алмашып окуу процесси ийгиликтүү болушун жана окуу жайдын алдыңкы иш аракеттерин, методикалык артыкчылыктарын жана башка өзгөчөлүктөрдү алып кайтууңарга тилектештик билдиребиз.

Студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашырууну жана камсыздоону, алардын көйгөйүн чечүү маселелерин колледждин эл аралык байланыштар бөлүмү көзөмөлдөп, академиялык мобилдүүлүк боюнча белгилүү убакытка окуу мөөнөттөрүнө жиберип турушат.

Кызматташуу- бирге өнүгүүнүн жолу

 2022-жылдын 24-февралында БМПКнын директору, ф.и.к., доцент Т. Р. Колдошов менен  Талас мамлекеттик университетинин ректору айыл-чарба.и.к., доцент А. Ш. Упенов кызматташуу келишимине кол койду.

“Билим берүү уюмдарынын кызматташтыгы- келечектин ачкычы” темасынын алкагында  Бишкек музыкалык – педагогикалык колледжи жана Кыргыз Республикасынын педагогикалык билим берүүчү окуу жайлары аралык өз ара кызматташуу жөнүндө түзүлгөн жобого  ылайык тараптар билим берүү уюмдардын окутуучуларынын  семинар-тренингдерин, илимий практикалык симпозиум, тегерек стол, биргелешкен жумушчу сапарларын жана башка ушул сыяктуу окуу-усулдук иш чараларды уюштуруу, өткөрүү, окуу-усулдук иштерин жүзөгө ашырууда адистерди алмашуу, эл аралык практикалык иш-чараларды симпозиумдарды, конок семинарларды, вебинарларды ж.б. биргелешип өткөрөт.

Кызматташуу- бир максаттуу келечек

 2022-жылдын 25-февралында БМПКнын директору, ф.и.к., доцент Т. Р. Колдошов менен  Баткен мамлекеттик университетинин ректору э.и.д., профессор  А.Т. Гыязов кызматташуу келишимине кол койду.

Жобого ылайык тараптар билим берүү уюмдардын окутуучуларынын (ошондой эле мектеп мугалимдеринин жана мектепке чейинки билим беруу уюмдарынын тарбиячыларын) педагогикалык кесиптик квалификациясын жогорулатуу курстарын, стажировкасын, семинар-тренингдерин, илимий практикалык симпозиум, тегерек стол, биргелешкен жумушчу сапарларын жана башка ушул сыяктуу окуу-усулдук иш чараларды уюштуруу, өткөрүү, окуу-усулдук иштерин жүзөгө ашырууда адистерди алмашуу, эл аралык практикалык иш-чараларды симпозиумдарды, конок семинарларды, вебинарларды ж.б. биргелешип өткөрөт.

БМПК мырзасы – 2022

22-февралда БМПКнын салтанаттуу жыйындар залында Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата жигиттер арасында “БМПК мырзасы-2022” кароо-сынагы болуп өттү. Сынакка 8 студент катышып, таланттарын көрсөтүштү. Кароо сынактын максаты студент досторду патриоттуулукка чакыруу, Ата Мекен үчүн кызмат кылууга үндөө жана ошондой эле таланттуу студенттерге колдоо көрсөтүү менен маданий-эстетикалык эс-алууну уюштуруу.

Сынак 5 тапшырмадан туруп, калыстар тобунун элегинен өткөн таланттар байгелүү орундарга ээ болушту. Алган сыйлыгыңздар куттуу болсун!

БМПКнын сыймыгы

Биздин колледждин ардегер мугалими, Музыкалык бөлүмдүн Үндүү коюу ПЦКсынын окутуусусу Осмонкул Асанкулов “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардактуу наамга ээ болду. Мамлекеттик сыйлыкты КРнын Президенти С. Н. Жапаров тапшырды.

Элибиздин маданиятына, билим берүүсүнө өмүрүн арнаган агайыбызга бекем ден соолук каалап, узун өмүр тилейбиз.

Кыздар арасында волейбол

Бүгүн Т. Эрматов атындагы БМПКда “Нооруз” майрамына утурлай кыздар арасында волейбол оюну болуп өттү. Оюнга беш команда катышып, күч сынашышты.
1-2-орунга “Башталгыч класстарды окутуу” бөлүмүнүн командалары,
3-орунга “Педагогика” бөлүмүнүн ” Чет тили” адистиги командасы ээ болушту. Эжелер курама командасы үлгүлүү оюн көрсөтүп баш байгени ээлешти.
Аталган саамалыкка окуу жайдын Профсоюзу демөөрчүлүк кылып, акчалай байге, дипломдор менен сыйланышты.

5-март “Ак калпак күнүнө” карата студенттер, агайлар арасында волейбол оюну болуп өттү

Бүгүн Т. Эрматов атындагы БМПКда 3-март Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынган күнүнө жана 5-март “Ак калпак күнүнө” карата окуу жайдын директору Т.Р. Колдошовдун демилгеси менен студенттер, агайлар арасында волейбол оюну боюнча мелдеш уюштурулду.

Мелдешке төрт команда катышып, күч сынашышты. Оюн аябай кызуу өттү. 1-орунду “Музыкалык бөлүмдүн” 3- курсунун студенттери камсыз кылышты. 2-орунга “Педагогика бөлүмүнүн” 3- курсунун студенттери ээ болуп, 3-орунду “Музыкалык бөлүмдүн” 2- курсунун студенттери ээлешти. Жеңүүчү командалар атайын грамота жана медалдар менен сыйланышты.