Ак калпак күнү

БМПКда 5-март Ак калпак жана улуттук кийим күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Кечеге окуу жайдын жамааты, студенттер катышышты.

БМПКнын директору, ф.и.к., доцент Т Р Колдошов баштаган агайлар куттуктоо үчүн сөзго чыгып, студенттерибизге калпактын уникалдуулугу тууралуу айтып беришти.

Атайын конок катары чакырылган Бишкек шаар белгисинин жана байрагынын автору, КРнын жаштар сыйлыгынын лауреаты, “Эл куту чебер” наамынын ээси, сүрөтчүлөр саюзунун мүчөсү Асаналиев Майрамкул агабыз келип ак калпактын аруулугу боюнча сөз сүйлөдү.

Жылда 5-март Кыргызстанда улуттук баш кийим Ак калпак куну белгиленет. Бул күнү жогорку кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825 VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо, элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.

Ак калпак күнү официалдуу эмес түрде 2011-жылы майрамдала баштаган. Ак калпак күнүн белгилөөнүн инициатору режиссер Рысбек Жабиров болгон.

Ал эми 5-март калпак күнү байчечекейлер чыгып, жаздын алгачкы күндөрүнүн бири болуп, эң ылайыктуу күн катары кабыл алынган. Жылдан жылга майрамдык күн массалык популярдуулукка ээ болуп, 2016-жылы официалдуу статус алган.