Тарыхы бай, тамыры терең БМПК.

Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжи жалпыга билим берүүчү мектептердин музыка сабагынын орто билимдүү мугалимдерин, мектепке чейинки бала бакча тарбиячыларын даярдоочу бирден бир окуу жай. Мен бул окуу жайына 1987-1988-окуу жылында Кыргыз мамлекеттик университетин аяктагандан кийин келип иштеп калдым. Педагогикалык ишмердигимдин 33 (отуз үч) жылы ушул окуу жайы менен тыгыз байланышта, музыкалык-педагогикалык колледж менин жашоомдун ажырагыс бир бөлүгүнө айланган.

Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжине келгенимде директору А. Н. Макешова жетектеген мезгил эле. Жакшы адам болчу мага окшогон жаш мугалимдерге жакындан колдоо көрсөтүп, кеп-кеңештерин айтчу, орус тили мугалими Т. А. Семенова З. А. Рыскулуева эжелерден коп усулдук кеңештерди алдым. Аларды устатым десем жаңылышпайм. Ошол мезгилде орус группаларына сабак берген кыргыз тилдүү саналуу гана мугалимдер бар экен.

1966-жылы окуу жай ачылгандан бери китепкана иштеп келе жатат. 1966-жылдан 1996-жылга чейин Емельянова Людмила Петровна китепкана башчысы болуп эмгектенген. 1996-жылдан бери Г. М. Кенжебаева жетектейт. Китепканабызда 60 (алтымыш) миңден ашуун фондубуз бар. Кыргыз группалардын көбөйгөнүнө байланыштуу кыргызча методикалык окуу куралдары жана колдонмолору менен толукталып келе жатат.

1989-92-жылдары окуу жайдын директору болуп, атактуу композитор А. Малдыбаевдин уулу Б. Малдыбаев иштеди. 1989-жылы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзам кабыл алынып, аны ишке ашыруу иштеринин алкагында 1991-жылы окуу жайда кыргыз группалар ачылды. Бул изги иште ардагер мугалимдер Р. К. Жолдошбекова, З. А. Кудайбергенова, О. А. Абдырахманова эжелердин салымы чоң.

Биздин окуу жай ачылганда эки бөлүм «Музыкалык билим берүү» жана «Мектепке чейинки балдарга тарбия берүү» бөлүмдөрү болсо, 1980-жылдары «Башталгыч класстарга сабак берүү» бөлүмү ачылды. 1991-жылы кыргыз бөлүмү ачылып аны К. Жакыпов жетектеп, Р. К. Жолдошбекова, Ш. Ш. Абакирова, Р. Г. Калчаева, З. А. Рыскулова, З. А. Кудайбергенова, Ш. К. Кемелгазиева, К. Б. Есеналиева, К. Омуралиева, З. А. Сыдыгалиева, С. Иназаров, А. Жунушалиева, А. Тагаева, Б. Кененбаева, К. Олжобаева, А. Рахманкулова ж.б. эмгектеништи.

Кыргыз тил, орус тил, чет тилдер ПЦКсы биригип жетекчилик ишин алып бардым.

1994-жылы Билим жана илим министрлигинин катышуусунда Т. Сатылганов атындагы филормонияда окуу жайдын отчеттук концерти өтүп, музыкалык бөлүм өздөрү даярдаган хорлорун алып чыгышты. Бул маданий иш чарага борбордогу окуу жайлардын жетекчилери да күбө болушту. Жылына биздин хорлор район, шаар аралык деңгээлдеги сынактарга катышып, алдыңкы орундарды алып келишет. Бул ийгиликтер С. С. Юго, П. П. Козыров, А. Глокке, Г. Г. Рогозин, ж.б. түйшүктүү эмгегинен жаралып жатканын айтпаса да түшүнүктүү. 1997-2001-жылдарда математика жана информатика илиминин кандидаты, доцент Р. Т. Табышов жетекчи болуп иштеп, БМПКнын 30 жылдык мааракесин мамлекеттик денгээлде өткөрдү. Анын тушунда орто окуу жай 1-баскыч СПО, 2- баскыч НВО болуп өзгөртүүлөр болду. Мугалимдер институту ачылып биздин бүтүрүүчүлөр ошол жакка тапшырып окууларын улантышты. Алгачкы бүтүрүүчүлөрдү уядан учурууга жетиштик. Ошол жылдары сырттан окуу бөлүмү да ачылды. Студенттердин саны миңден ашты. Тилекке каршы «Мектепке чейинки билим берүү» бөлүмү жабылып, «Башталгыч класстарга сабак берүү» бөлүмү жана «Музыкалык» бөлүмү гана калды. Сырттан окуу бөлүмүн З. А. Рыскулуева жана В. И. Хромых жетектеди. «Башталгыч класстарда окутуу» бөлүмүндө М. Т. Абытов бөлүм башчы болуп иштеп келе жатат. Музыкалык бөлүмүн көп жылдар бою Г. Г. Рогозин жетекчилик кылды.

2001-2006-жылдарда Г. Г. Рогозин директорлук кызматты аткарды. Бул мезгилде көптөгөн жакшы иштер болду. Ал өзү ушул окуу жайдын бүтүрүүчүсү, хордон сабак берген мугалим болгондуктан окуу жайдагы көйгөйлөрдү жакындан билет эле. Андыктан көп көйгөйлөрдү чечүүгө колунан келген аракеттерди жасады.

2006-2020-окуу жылдары окуу жайды КРдин маданиятына эмгек синирген ишмер, композитор К. Э. Осмонов жетектеди.

2009-2010-окуу жылында «Абитуриент -2009» кабыл алуу комиссиясында үгүт иштери жакшы жүргүзүлүп, бир канча адистиктер ачылып, жемиштүү жыл болду. «Дене тарбия» бөлүмү ачылып Т. С. Маманазаров жетекчиликке дайындалды. Ал бөлүмдө «Дене тарбия» мугалими, «Мектепке чейинки балдарга тарбия берүү» жана «Соцпедагог» адистиктери боюнча студенттер билим алып башташты.

2009-2010-окуу жылына сырттан окуу бөлүмүнө бөлүм башчы болуп дайындалдым. Буга чейин сырттан окуу бөлүмүндө «Башталгыч класстарга сабак берүү»  адистиги боюнча 2 кыргыз, 1 орус группасы болгон. 2009-2010-окуу жылынан баштап сырттан окуу бөлүмүнүн ар бир адистиктери боюнча группалар ачылып студенттер көбөйө баштады. 2013- жылы окуу жайга композитор Таштан Эрматовдун ысымы ыйгарылды.2017-жылы Т. Эрматовдун айкели тургузулуп, мамлекеттик деңгээлде маданий иш-чара өттү. БМПКнын жетекчилиги астында жооптуу мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Г. Ш. Нусупова алып барды. Мамлекеттик теле берүүлөрдөн ЭлТР каналы жана телерадиолордон көрсөтүлүп турду.

2019-жылы КРдин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган орто окуу жайлар арасындагы «Билим менен илимге көпүрө тил, көкөлөткөн адамды тили деп бил» деген темада семинар болуп өттү.

2019-жылы октябрь айында окуу жай адистиктери боюнча аккредитациядан ийгиликтүү өттү.

2020-жылдын июль айында БМПКга жетекчи болуп филология илимдеринин кандидаты, доцент Т. Р. Колдошов келди. Жетекчи келери менен окуу жайдагы чарба иштерин колго алды, эмгек жамаат менен биргеликте колледждин короосун оңдоп, жаңы отургучтарды орнотуп, жарыктандырды. Жетекчиликтин иштерине чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын! Жамаатыбыздын ынтымагы арта берсин.

Бишкек шаары, 2020-жыл, сентябрь.

БМПКнын ардагери А. Р. Кошокбаева