ЖАТАКАНА

Таштан Эрматов атындагы  БМПКнин  студенттик  жатаканасы 1990-жылы курулуп, 300 орунга ылайыкташтырылган. Студенттердин  жашоо шарттарын жакшыртуу максатында жатаканада сабактарга өз алдынча даярдануу  жана  эс алуу бөлмөлөрү бар, ар бир кабатта тамак жасоочу ашканасы, жыйындар залы, медициналык  пункт,  изолятор, костюмдарды сактоочу жай жана душ иштейт.

Мындан сырткары, жатакананын тарбиячысы, паспорт тескөөчүсү, медайым, нөөмөттө турган вахтер-күзөтчүлөр, тайпалардын кураторлору студенттердин жатаканадагы жашоосун, тартибин көзөмөлдөп турушат. Жатаканага ата-энелер да келип, кызы же уулунун кандай  шартта жашаганын көрүп кетишсе болот.

БМПКнин жатаканасында студенттер өздөрү шайлаган студенттер кеңеши иштейт.  Студенттер кеңеши  жатаканада жашагандардын арасында маданий-массалык жана спорттук иш чараларды, башка окуу жайлардын студенттери менен достук жолугушууларын  уюштуруп  өткөрүшөт.

Жатаканага видеобайкоо орнотулган жана акысыз «Wi-Fi» колдонушат.

Жатакананын имаратында өрт коопсуздугунун талаптары жана санитариялык-эпидемиологиялык нормалар сакталат. Ар бир кабатта  нөөмөттүн графиги түзүлгөн, студенттер менен жатакананы жана короону тазалоо, иретке келтирүү үчүн ишембиликтер өткөрүлөт.

Жатаканадан орун алуу үчүн төмөнкүдөй иш кагаздары керектелет:

  1. Т.Эрматов атындагы БМПКнин директорунун атына арыз;
  2. Фото 3х4 (2 даана сүрөт);
  3. Медициналык справка (086);
  4. Жатаканада жашоо үчүн төлөмдүн квитанциясы;
  5. Скоросшиватель.

Жатакананын дареги: Бишкек шаары, К. Тыныстанов көчөсү,18 а. Алыскы райондордон келишкен студенттерди жатакана менен камсыздалат.

Байланыш телефону: 0312560914