КАРЬЕРА БОРБОРУ

Жумушка орноштуруу борбору

Таштан Эрматов атындагы БМПКнин бүтүрүүчүлөрүн жумушка   орноштурууга  жардам көрсөтүү борбору жөнүндө

          Борбор- колледждин бүтүрүүчүлөрүн жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча керектүү шарттарды түзүүгө багытталган зарыл жардамдарды ишке ашырат. Эмгек рыногунда аларды социалдык адаптациялоого,  бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик деӊгээлинин өсүшүнө таасир берүү жана  колледждин кадыр-баркын чыӊдоо, анын рынок шартында билим берүү кызматынын атаандаштыкка жарамдуулугун жогорулатууну иш жүзүнө ашырат.

          Борбор өзүнүн ишмердүүлүгүн  мекемелер менен кызматташууну ишке ашыруу менен бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштурууга көмөктөшөт жана стейкхолдерлер (жумуш берүүчүлөр) менен бүтүрүүчүлөрдүн ортосунда байланыштыруучу  милдетин аткарат.

Милдеттери:

  • регионалдык эмгек рыногунда кесиптик билим берүү адистерине керектөөнүн анализи;
  • студенттерди жана бүтүрүүчүлөрдү практика өтүү үчүн орундар жана кызматка алынуучу бош орундар тууралуу актуалдуу маалыматтар менен камсыз кылуу;
  • студенттерге жана бүтүрүүчүлөргө  кеӊеш берүү иштерин иш жүзүнө ашыруу;
  • бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуу боюнча  суроолоруна усулдук материалдарды иштеп чыгуу;
  • бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу мониторингин иш жүзүнө ашыруу;
  • стейкхолдерлердин билдирмеси боюнча студенттерди тандап алуу;
  • бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштурууга жардам көрсөтүү боюнча иш чараларды уюштуруу;
  • бош орундар жарманкесин уюштуруу (жылына бир жолу)
  • калкты эмгек менен камсыз кылуучу органдар менен бирдикте иш алып баруу.

        Кызматтары:

  • бүтүрүүчүлөргө жана студенттерге практиканы өткөрүүнүн орундарын, мекемелерде кызматчы алынуучу  убактылуу жана туруктуу бош орундун актуалдуулугун киргизүү, түзүү;
  • изденүүчүлөрдүн билдирмеси боюнча кызмат орундарын тандап алуу (колледждин адистик билдирмеси боюнча берүү) стейкхолдерлердин билдирмеси боюнча изденүүчүлөрдү тандап алуу;
  • бүтүрүүчүлөрдүн мониторинги, бүтүрүүчүлөрдүн жайгашуу суроолору боюнча социалдык изилдөөнү өткөрүү;
  • иштин жыйынтыгына даярдануу;
  • стейкхолдерлер менен жолугушуу, тегерек стол, чогулуштарды өткөрүү;
  • колледждин расмий порталында «Бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштурууга жардам көрсөтүү» бөлүмүнө толуктоолорду киргизүү жана колдоо көрсөтүү.