Нооруз майрамы

Колледжибизде Нооруз майрамына карата жогорку деңгээлде уюштурулган иш-чара болуп өттү. Сүмөлөк кайнатылып, улуттук -спорттук оюндар болду. Бөлүмдөр арасында улуттук тамак-аш боюнча сынак уюштурулду, Жыйынтыгында “Башталгыч класстар бөлүмү” 1-орунга, “Чет тили” бөлүмү 2-орунга “Педагогика” бөлүмү 3- орунга, “Музыкалык билим берүү” бөлүмү 4-орунга ээ болушту. Андан соң, театрлаштырылган концерт көпчүлүктүн көңүлүн буруп, алкоого татыды.

Өзгөчө кырдаал түзүлгөн учурда

15-мартта Биринчи май районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы,майор Джексембиев Б.М. келип өрт чыккан учурда кандай иш-аракеттер жүргүзулүшү керектиги тууралуу маалымат берди.Алгач, өзгөчө кырдаал түзүлгөн учурда жүргүзүлүүчү шартка ылайык машыгуу болду.

БМПК периси-2024

Аалам ажары болгон аялзатынын 8-март Эл аралык күнүнө карата “БМПК периси-2024” аттуу сулуулар сынагы уюштурулду. Сынакка окуу жайдын студенттери катышышты. Сынакта өзүн-өзү тааныштыруу, чыгармачылык өнөрүн көрсөтүү, креативдүү жөндөмдүлүгүн жана логикалык суроолорго жооп берүү болду. Сынак кызыктуу өттү.Калыстар тобу дайындалып, төрагасы Бишкек шаардык А.Умуралиев атындагы драма театрнын директору, актер Ж. Жанжигит уулу болду. Жыйынтыгында, БМПК периси МЧб-21-9-1 группасынын студенти Суюнбаева Гулиза аталды.

3-март Туу күнү,5-март Ак калпак күнү

3-март Туу күнү,5-март Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу жыйын уюштурулду. Жыйында Кыргыз Республикасынын Туусу Гимндин коштоосунда көтөрүлдү. Куттуктоо үчүн сөз Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин директору У.М Турдалиевге берилди. Студенттердин жагымдуу ырлары менен жыйынтыкталды.

23-февраль Ата- мекенди коргоо күнү

23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата окуу жайда 1-курстун эркек балдары арасында “Эр таймаш” аттуу аскердик-спорттук мелдеш уюштурулду. Мелдешке ” Музыкалык билим берүү” бөлүмүнүн “Көк жал” тобу, “Педагогикалык билим берүү” бөлүмүнөн “Шумкар”тобу, “Чет тили бөлүмүнөн” “Айкөл манас” топтору катышышты. Мелдеш кызыктуу болуп, музыкалык ыр-бийлер менен коштолду.

Жыйынтыгында “Педагогикалык билим берүү” бөлүмү 1-орун

“Музыкалык билим берүү” бөлүмү 2-орун

“Чет тили” бөлүмү 3-орунга ээ болушту.

21- февраль- Эл аралык эне тил күнү

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар уюмунун жана ЮНЕСКОнун чечиминини негизинде Кыргызстанда жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу максатында Билим берүү жана илим министрлигинин    №182/1 буйругунун негизинде иш-чаралар уюштурулду.

“Эне тили жана адабияты” ПЦКсынын окутуучулары тарабынан “Эне тили- эне сүтүм” деген темада дилбаяндар жазылды.

Кураторлор тарабынан тарбиялык ачык сааттар өткөрүлүп, студенттер арасында кызуу талкуу болду.

. “Курама жыйып журт кылдым,кулаалы таптап куш кылдым” деген аталышта манасчылар менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушууага КРнын эмгек сиңирген артисти,манасчы,акын Рыспай Исаков жана анын шакирти Муса уулу Төлөбек келди .Алгач, иш-чараны окуу жайдын директору У.М.Турдалиев 21-февраль Эне тил күнү менен куттуктап, тилдин өнүгүшүн жана башка тилдер менен болгон мамиле жөнүндо баса белгилеп,сөз сүйлөдү.

Манасчылар “Манас” эпосунан үзүндү айтуу менен бирге студенттерди кызыктырган суроолорго жооп беришти. Эзелтен элибиз обон менен чер жазып, күч алган, жан дүйнө дабышын угуп, сезип чоңойгон кыргыз экендигин далилдешип обон созуп, ырдап беришти.

Чет тили бөлүмүнүн студенттери жана окутуучулары тарабынан төмөндөгүдөй   жолугушуулар уюштурулду..

      Япония элчилигинин волонтёру Yuri Ito менен “Learning a language” (“Мен чет тилин кантип үйрөндүм”) аттуу темада маек курду. Mr.Eijon Jhon (Бишкек шаарынын Билимкана мектебинде иштейт,Кыргызстанда 6 жылдан бери жашайт.) “Let’s speak English” (Келгиле англисче сүйлөйбүз.) темасында студенттер менен баарлашуу болду. Баубекова З.К. “I am learning” (“Мен үйрөнүп жатам”) аттуу темада колледждин мугалимдерине ачык сабак өттү.Филология илимдеринин кандидаты, доцент, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин “Чет тилдер”факультетинин англис тили жана маданий аралык байланыш кафедрасынын башчысы Абдимомунова Апал Омурбаевна менен Чет тили бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери  жолугушуу өткөрүп  “How to motivate  to learn English”.(“Англис тилин окууга кантип мотивация берүү керек”) деген темада конок лекция болду.

А.Д. Асанканованын уюшуруусунда “The wish” (“Каалоо”) ИЯк 22-11-4 группасынын студенттери менен сценка коюлду.

         

“Ооган ардагерлери менен жолугушуу”

Ооганстандан аскерлерди алып чыккандыгынын 35 жылдыгына карата “Ооган ардагерлери менен жолугушуу” салтанаты болду. Салтанатты ачып берүү үчүн сөз Т.Эрматов атындагы БМПКнын директору У.М.Турдалиевге берилди. Андан соң, ардагерлерибизге сөз берилип, алар Ооган согушу жөнүндө студенттерге айтып беришти. Студенттердин суроолоруна жооп беришип, Ата Мекенди сүйүүгө жана урматтого чакырышты.

”Экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү масалелери”

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча Программасын ишке ашыруу боюнча “Экстремизмге жана терроризмди алдын алуу жана каршы аракеттенүү маселелери” деген темада Биринчи май районунун Ички иштер башкармалыгынан милициянын майору Арсыматов Э.Д., милициянын капитаны Асылбеков М.А.,милициянын капитаны Н.Э.Эсенбековдор келишип, студенттерге аталган темада лекция окуп беришти. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп ала алышты

Мындан тышкары “Жаш өспүрүмдөр инспекциясынын инспектору, милициянын капитаны Асылбеков М.А. “Тамекинин зыяндуулугу” жана “Рекетчилик -бул кылмыштын башаты”. деген темаларда түшундүрүү иштерин жургүзүштү.

“Кошумча кесиптик билим берүү” курсуна кабыл алуу жарыяланат

ЖАРЫЯ

Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинде «Кошумча кесиптик билим берүү» курсуна кабыл алуу:

Окутуунун формасы:        күндүзгү

                    (дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен окутуу-онлайн)

Окуу мөөнөтү:                   6 ай

Квалификация:                  Педагог

Программанын көлөмү:   30 насыя (900 саат)

Максаттуу топ:                  БКББ ЖАНА ОКББ окутуучулары

Тапшыруучуларга коюлган талаптар:

                                            орто жана жогорку кесиптик билими

Акы төлөнүүчү курс (контракт)

Тапшырылуучу документтер: Башталгыч жана орто кесиптик билими жөнүндөгү дипломдун копиясы, паспорттун копиясы, электрондук 3×4 форматтагы сүрөт

Байланыш телефондору: +966 505 977 888, 0312 563 957

Кабыл алуу  10.01.2024-жылдан 19.01.2024-жылга чейин жүргүзүлөт.

Келсин, Жаңы жыл !

Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинде Жаңы жылдык салтанаттуу кече өттү.Концертти Жаштар кеңешинин студенттери уюштурушту. Окуу жайдын бардык бөлүмдөрүнун студенттери ырдап,бийлешти