Кабыл алуу комиссиясы

Урматтуу абитуриенттер!

Сиздерди 1-июлдан тарта биздин колледжге каттоого чакырабыз. Бул күнү сиздер кабыл алуу комиссиясына документтерди тапшырып, кызыктырган суроолор боюнча кеңеш алсаңыздар болот.

Биз төмөнкү адистиктер боюнча билим беребиз:

  • Музыка мугалими жана музыка жетекчиси
  • Мектепке чейинки билим берүү
  • Дене тарбия мугалими
  • Башталгыч класстардын мугалими
  • Башталгыч класстарда чет тили (англис тили) мугалими
  • Техник-программист адиси

Каттоо үчүн керектүү документтер:

  • Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк (көчүрмөсү менен)
  • Аттестат (көчүрмөсү менен)
  • 3×4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт
  • Медициналык справка (форма 086у)
  • Кабыл алуу арызы (орунда толтурулат)

Биздин колледж сизге жаңы билимдердин жана мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачат. Биздин квалификациялуу окутуучулар, заманбап окутуу методикаларын колоднуу менен сиздин келечегиңизди ийгиликтүү курууга жардам берет.

Биздин колледждин бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

Сиздерди күтөбүз!

Биз менен байланышуу:

Педагогикалык билим берүү бөлүмү: +996 705 910 377

Музыкалык билим берүү бөлүмү: +996 501 987 798

Башталгыч класстарда окуутуу бөлүмү: +996 708 728 332

+996 705 313 368

Чет тили бөлүмү: +996 706 179 867

Техникалык адис: +996 500 400 099

Биздин социалдык тармактарга катталыңыздар:

“Кел, нукура кыргыз тилинде сүйлөшөлү!” акциясы жүрүүдө

БМПКда мамлекеттик тилди жайылтуу, студенттердин коомдук турмушуна аралаштыруу максатында окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн тайпалар менен “Кел, нукура кыргыз тилинде сүйлөшөлү” аталышындагы бир жумалык акция болуп өттү.

Акция 2022-жылдын 1-апрелинен 1-майына чейин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча “Улутту улут кылган-тил” аталышындагы бир айлыктын негизинде ишке ашырылды.

ЖАҢЫ КЫЗМАТТАШУУ – ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК

БМПК Туркиянын “ТИКА” компаниясы менен кызматташуу үчүн сунушун берди. Окуу жайда түрк маданий борборун түзүү негизги максатыбыз болуп саналат. Ал борбордо түрк музыкалык аспаптарын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Түрк музыкалык аспаптарын үйрөтүүгө Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Көркөм өнөр факультетинен атайын эки окутуучуну чакыруу үчүн аталган факультеттин деканы, КР эл артисти, доцент Ибраев Анарбек Адылович менен БМПКнын директору, ф.и.к., доцент Колдошов Түмөнбай Рахманович эки тараптуу макулдашууга кол коюшту.
Андан сырткары, БМПКнын музыкалык билим берүү бөлүмүнүн студенттери окуусун Көркөм өнөр факультетинде улантууга болот. Алмашуу программасынын алкагында конок лекциялар, мастер класстар өткөрүлөт.

Бишкек жазы-2022

БМПКда Нооруз майрамы өткөрүлдү. Нооруз- тазалыктын, теңдиктин, дыйканчылыктын, жаздын, жаңыруунун, жаңы башаттын майрамы катары белгиленет. Нооруз майрамын ритуалсыз элестетүү мүмкүн эмес. БМПКнын жамааты уюштурган бул саамалыкта да кыргыз элинин Нооруз майрамына карата ишенимдери сахналаштырылып көрсөтүлдү.

Окуу жайыбыздын короосуна эки боз үй тигилип, улуттук тамак-аштардын, улуттук кийимдердин көргөзмөсү, улуттук спорт оюндары уюштурулуп, концерттик программа менен коштолду. Улуттук фольклорубуздан “Манас”, элдик ырлар, классикалык ырлар, хор, эстрада жана Кыдыр Ата, Умай Эне, Баба Дыйкан менен көркүнө чыкты.

Иш-чарага КР ББжИМ орун басарлары, Чүй облустук билим берүү борборунун жетекчилери, Бишкек шаарындагы мектептердин, бала бакчалардын жетекчилери, мектеп окуучулары, шаарыбыздын тургундары, катышышты.

Нооруз – достуктун, ынтымактын, тилектештиктин майрамы!

Нооруз майрамыңыздар кут болсун!

Ак калпак күнү

БМПКда 5-март Ак калпак жана улуттук кийим күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Кечеге окуу жайдын жамааты, студенттер катышышты.

БМПКнын директору, ф.и.к., доцент Т Р Колдошов баштаган агайлар куттуктоо үчүн сөзго чыгып, студенттерибизге калпактын уникалдуулугу тууралуу айтып беришти.

Атайын конок катары чакырылган Бишкек шаар белгисинин жана байрагынын автору, КРнын жаштар сыйлыгынын лауреаты, “Эл куту чебер” наамынын ээси, сүрөтчүлөр саюзунун мүчөсү Асаналиев Майрамкул агабыз келип ак калпактын аруулугу боюнча сөз сүйлөдү.

Жылда 5-март Кыргызстанда улуттук баш кийим Ак калпак куну белгиленет. Бул күнү жогорку кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825 VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо, элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.

Ак калпак күнү официалдуу эмес түрде 2011-жылы майрамдала баштаган. Ак калпак күнүн белгилөөнүн инициатору режиссер Рысбек Жабиров болгон.

Ал эми 5-март калпак күнү байчечекейлер чыгып, жаздын алгачкы күндөрүнүн бири болуп, эң ылайыктуу күн катары кабыл алынган. Жылдан жылга майрамдык күн массалык популярдуулукка ээ болуп, 2016-жылы официалдуу статус алган.

БМПКда мамлекеттик туу күнү белгиленди

3-март Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун кабыл алынган күнүнө жана 30 жылдыгына карата иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чарага окутуучулар жана студенттер катышышты. Салтанаттуу жыйында окуу жайдын жетекчиси Т. Р. Колдошов жамаатты, студенттерди мамлекеттк туу күнү менен куттуктап, мамлекеттик туунун мааниси, мазмунуна кеңири токтолду.

Табигий илимдер ПЦКсынын башчысы, тарыхчы А. Дүйшөнова мамлекеттик туунун тарыхына, түсүнө жана жалпы мазмунуна түшүндүрмө берип, баяндама жасады.

Салтанаттуу жыйын Ата Мекен темасында патриоттук ырлар менен коштолду.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген.

Академиялык мобилдүүлүк-алдыңкы тажрыйба

Орто кесиптик билим берүү мекемелеринин кызматташуу тууралуу келишимине ылайык БМПКга академиялык мобилдүүлүк боюнча Ош МУга караштуу Эл аралык билим берүү программалар колледжинен тажрыйба алмашуу үчүн студенттер келишти. Алар БМПКнын Чет тили адистиги боюнча билим алган студенттери менен бирге окушат.

Алмашып окуу процесси ийгиликтүү болушун жана окуу жайдын алдыңкы иш аракеттерин, методикалык артыкчылыктарын жана башка өзгөчөлүктөрдү алып кайтууңарга тилектештик билдиребиз.

Студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашырууну жана камсыздоону, алардын көйгөйүн чечүү маселелерин колледждин эл аралык байланыштар бөлүмү көзөмөлдөп, академиялык мобилдүүлүк боюнча белгилүү убакытка окуу мөөнөттөрүнө жиберип турушат.

Кызматташуу- бирге өнүгүүнүн жолу

 2022-жылдын 24-февралында БМПКнын директору, ф.и.к., доцент Т. Р. Колдошов менен  Талас мамлекеттик университетинин ректору айыл-чарба.и.к., доцент А. Ш. Упенов кызматташуу келишимине кол койду.

“Билим берүү уюмдарынын кызматташтыгы- келечектин ачкычы” темасынын алкагында  Бишкек музыкалык – педагогикалык колледжи жана Кыргыз Республикасынын педагогикалык билим берүүчү окуу жайлары аралык өз ара кызматташуу жөнүндө түзүлгөн жобого  ылайык тараптар билим берүү уюмдардын окутуучуларынын  семинар-тренингдерин, илимий практикалык симпозиум, тегерек стол, биргелешкен жумушчу сапарларын жана башка ушул сыяктуу окуу-усулдук иш чараларды уюштуруу, өткөрүү, окуу-усулдук иштерин жүзөгө ашырууда адистерди алмашуу, эл аралык практикалык иш-чараларды симпозиумдарды, конок семинарларды, вебинарларды ж.б. биргелешип өткөрөт.

Кызматташуу- бир максаттуу келечек

 2022-жылдын 25-февралында БМПКнын директору, ф.и.к., доцент Т. Р. Колдошов менен  Баткен мамлекеттик университетинин ректору э.и.д., профессор  А.Т. Гыязов кызматташуу келишимине кол койду.

Жобого ылайык тараптар билим берүү уюмдардын окутуучуларынын (ошондой эле мектеп мугалимдеринин жана мектепке чейинки билим беруу уюмдарынын тарбиячыларын) педагогикалык кесиптик квалификациясын жогорулатуу курстарын, стажировкасын, семинар-тренингдерин, илимий практикалык симпозиум, тегерек стол, биргелешкен жумушчу сапарларын жана башка ушул сыяктуу окуу-усулдук иш чараларды уюштуруу, өткөрүү, окуу-усулдук иштерин жүзөгө ашырууда адистерди алмашуу, эл аралык практикалык иш-чараларды симпозиумдарды, конок семинарларды, вебинарларды ж.б. биргелешип өткөрөт.

БМПК мырзасы – 2022

22-февралда БМПКнын салтанаттуу жыйындар залында Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата жигиттер арасында “БМПК мырзасы-2022” кароо-сынагы болуп өттү. Сынакка 8 студент катышып, таланттарын көрсөтүштү. Кароо сынактын максаты студент досторду патриоттуулукка чакыруу, Ата Мекен үчүн кызмат кылууга үндөө жана ошондой эле таланттуу студенттерге колдоо көрсөтүү менен маданий-эстетикалык эс-алууну уюштуруу.

Сынак 5 тапшырмадан туруп, калыстар тобунун элегинен өткөн таланттар байгелүү орундарга ээ болушту. Алган сыйлыгыңздар куттуу болсун!