ЖАҢЫ КЫЗМАТТАШУУ – ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК

БМПК Туркиянын “ТИКА” компаниясы менен кызматташуу үчүн сунушун берди. Окуу жайда түрк маданий борборун түзүү негизги максатыбыз болуп саналат. Ал борбордо түрк музыкалык аспаптарын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Түрк музыкалык аспаптарын үйрөтүүгө Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Көркөм өнөр факультетинен атайын эки окутуучуну чакыруу үчүн аталган факультеттин деканы, КР эл артисти, доцент Ибраев Анарбек Адылович менен БМПКнын директору, ф.и.к., доцент Колдошов Түмөнбай Рахманович эки тараптуу макулдашууга кол коюшту.
Андан сырткары, БМПКнын музыкалык билим берүү бөлүмүнүн студенттери окуусун Көркөм өнөр факультетинде улантууга болот. Алмашуу программасынын алкагында конок лекциялар, мастер класстар өткөрүлөт.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *