Бишкек жазы-2022

БМПКда Нооруз майрамы өткөрүлдү. Нооруз- тазалыктын, теңдиктин, дыйканчылыктын, жаздын, жаңыруунун, жаңы башаттын майрамы катары белгиленет. Нооруз майрамын ритуалсыз элестетүү мүмкүн эмес. БМПКнын жамааты уюштурган бул саамалыкта да кыргыз элинин Нооруз майрамына карата ишенимдери сахналаштырылып көрсөтүлдү.

Окуу жайыбыздын короосуна эки боз үй тигилип, улуттук тамак-аштардын, улуттук кийимдердин көргөзмөсү, улуттук спорт оюндары уюштурулуп, концерттик программа менен коштолду. Улуттук фольклорубуздан “Манас”, элдик ырлар, классикалык ырлар, хор, эстрада жана Кыдыр Ата, Умай Эне, Баба Дыйкан менен көркүнө чыкты.

Иш-чарага КР ББжИМ орун басарлары, Чүй облустук билим берүү борборунун жетекчилери, Бишкек шаарындагы мектептердин, бала бакчалардын жетекчилери, мектеп окуучулары, шаарыбыздын тургундары, катышышты.

Нооруз – достуктун, ынтымактын, тилектештиктин майрамы!

Нооруз майрамыңыздар кут болсун!