“Башталгыч класстарды окутуу” бөлүмү

    1980-жылы  “Башталгыч класстарда окутуу” бөлүмү ачылган.

     Бул бөлүмдүн ачылышына, калыптанышына Черкасова И.Ф. зор эмгек синирген. Андан кийин бөлүмдү Э.Ш.Иманалиева, З.А.Рыскулуева ж.б. жетектеп келишкен. Азыркы учурда Абытов М.Т. жетектейт.

     Билим-тарбия берүүнүн сапатын өркүндөтүү, өлкөбүздун өнүгүшүнө салым кошуучу атуулдарды тарбиялап өстүрүү үчүн бөлүмдүн окутуучулары замандын талабына ылайык иш чараларды жүргүзүп келет. Эл керегине жараган атуулдарды тарбиялоодо бөлүм зор милдеттерди аткарат.

  Бөлүмдө бүгүнкү күндө күндүзгү жана сырттан окутуу формасында студенттер окуп келишет. Окуу мөөнөтү 9-класстын базасында 2 жыл, 10 ай. 11-класстын базасында 1жыл, 10 ай. Сырттан окутуунун мөөнөтү 2 жыл, 6 ай.                     Окуу формасы бюджеттик, контрактык негизде окутулат.

    Бүгүнкү күнү бөлүмдө 600 дөн ашуун студент билим алып келет. Студенттерге билим берүү жеткиликтүү жана практикалык тажрыйбага багытталган.  Педагогикалык практика окуу процесси менен тыгыз байланышта жүргүзүлөт. Студенттер теориядан алган билимдерин практика менен бышыктап, Бишкек шаарынын алдынкы мектептерине практикага чыгышат. Практика учурунда студенттер көп тажрыйба алышат. Бүтүрүүчүлөрүбүздү иш орундар менен камсыз кылып келебиз.

Бүтүрүүчүлөр республикабыздын булун бурчунда билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип келе жатышат.

    Студенттердин билим алуусу учун заманбап усулдук кабинеттер,интернет булагына туташтырылган  компьютердик класстар, физика-химия лабораториялары, китепкана, спорт залы бар.

 Бөлүмдө 50 дөн ашык мугалим эмгектенет.

 5 пред. циклдик комиссия иш алып барат.

  1.  “Кыргыз тили, адабият жана аны окутуунун усулу” ПЦКсы.
  2. “Математика, информатика” ПЦКсы.
  3. “Педагогика ,психология жана анын жеке усулдары” ПЦКсы.
  4. “Орус тили, адабият жана аны окутуунун усулу” ПЦКсы.
  5. “Табигый илимдер жана КИН” ПЦКсы

Алардын арасында илимдин кандидаты, билим берүүнүн мыктылары, КР нын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер, мамлекеттик тил төш белгисинин ээси, наамдарына ээ болгон тажрыйбасы мол кесипкөй педагогдор зор салымдарын кошуп келүүдө.