Манас күнү

Т.Эрматов атындагы БМПКнын Республикалык илимий методикалык борбордон коноктор келишти.

РИМБга Бишкек шаарындагы жеке коммерциянын колледждин окутуучулары билиминин жогорулатуучу курстарга келишкен. Алар жеке коммерциясын окуу жай менен мамлекеттик окуу жайдын ортосунда пикир алышуу, тажрыйба алмашуу максатында келишкен

Келген коноктор окуу жайдын материалдын базасы менен таанышып 4-декабрь Манас күнүнө карата уюштурулган “Манас таануу” таймашына күбөт болушту.

ТИЛ – УЛУТТУН ЖАНЫ


Мамлекеттик тил күнү “Кыргыз тилинин көйгөйлөрү…” деген темада көп нерсени демилгелеп, азга жетпей калган учурлар болот.
Көйгөйдүн багыты, демилгенин жыйынтыгы, күтүлгөн натыйжасы көмүскөдө калбай өз максатына жеткени кимди гана кубандырбайт. Ушул өңүттү эске алып Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинде 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата ушул күнгө чейин аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды. Башкача айтканда студенттер жат жазуу, дил баян жазышып, кыргыз тилине байланыштуу тесттерден өтүштү. Жыйынтыгы пайыздык көрсөткүчтөр менен белгиленип кыргыз тили жана адабияты мугалимдери жогрудагы кемчиликтер (орфографиялык, пунктуациялык жана мазмундук) менен иштөө керектиги аныкталды. Кыргыз тилинин Гимни менен башталган иш-чара кыргыз тилинин арбын жолдуу тарыхын баяндоо менен коштолду.

1-Сентябрь – билим күнү.

Жылда салтка айлангандай Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи 1-сентябрь “Билим күнүндө” жалпы курстун студенттерин жагымдуу маанайда жылуу жүз менен тосуп алды. Илим-билим мейкинин эңсеп келген келечек ээлерин колледждин директору ф.и.к., доцент Т.Р.Колдошов куттуктап, билим жолуңар байсалдуу болсун деп ак жол каалады.  Бүгүнкү студент –  эртеңки келечек экенин сезген студенттер окуу жай менен таанышып  жаңы окуу жылын башташты.

БМПК- дүйнөлүк билимге кол сунат.

7-июль күнү Түштүк Кореянын Ханбат мамлекеттик университетинин ректору, профессор Чой (Choi Byoung Wook), тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы, профессор Квон (Kwon Ki Seok) мырзалар менен окуу жайдын директору Т.Р. Колдошов жолугушту жана окуу келишимге кол койду . Он миң студенти бар, абройлуу университеттин жетекчилиги менен биздин студенттердин бакалавр, магистратура багытында билим алуусу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Мындан ары, биздин бүтүрүүчүлөр англис, корей тилин жакшы өздөштүрүп, Ханбат мамлекеттик университетине барып, окуусун улантууга мүмкүнчүлүк алат. Ректор мырза студенттердин тил билүүсүнө жана чет өлкөлүк болгондугун эске алуу менен жеңилдетилген шарттар түзүлөрүн белгиледи.

БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КЫЗМАТТАШТЫК

Биздин окуу жайга Кореянын Хосо университетинин проректору Piao Xuehao жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Choi Yongseon, ассистент Kim Jihue келишти. БМПКнын директору Т.Р. Колдошов Хосо университетинин шарттары, чет өлкөлүк студенттерге түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу пикир алышты. Эл аралык байланышты чыңдоо максатында маселелер талкууланып, келечекте Корея өлкөсүнө студенттер тил үйрөнүп, билим алышса деген жакшы максат ойлор айтылды.

АК ЖОЛ САГА, БҮТҮРҮҮЧҮ

20 -июнь күнү Музыкалык жана Педагогикалык билим берүү бөлүмдөрүнүн студенттери үчүн бүтүрүү аземи болду. Аземге окутуучулар,студенттер жана ата -энелер катышты.Окуу жайдын директору, доцент Т.Р.Колдошов бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап куттуктады жана артыкчылык диплом менен аяктаган студенттерге сертификат тапшырды. Кеченин жүрүшүндө бөлүм башчылар, кураторлор, ата-энелерге ыраазычылык сөздөрүн айтышты.

Бүтүрүүчүлөр тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды жана коштошуу вальсы бийленди. Турмуш сапарыңар байсалдуу болсун,кымбаттуу бүтүрүүчүлөр! Кыргызстандын кайсы жеринде болсоңор да, мектеп, бала бакчаларда иштеп, жаш муундарга татыктуу тарбия билим берүүгө салым кошкула.Эртеңки билимдүү,мекенчил жаштарыбыздын тарбиялануусуна себепчи болгула.Сиздерге ак жол каалайбыз!

Жатаканада студенттердин бүтүрүү кечеси өттү.

Биздин окуу жайдын жатаканасында студенттик жашоосун, жалындаган жаштыктын, эң таттуу күндөрүн өткөргөн студенттерибиздин бүтүрүү кечеси болду. Кечеге окуу жайдын директору, доцент Т.Р. Колдошов, тарбия иштери боюнча орун басары М.Турдубекова, профсоюз уюмунун төрагасы Н.Абдигапаров, комендант С.Мадмарова, ” Аккорд” уюмунун мүчөлөрү жана ата-энелер катышышты. Бүтүрүүчү курстун студенттери кечени уюштуруп, жакшы концерт тарттуулады. Студенттик жашоо сүртүмдөрүн кызыктуу өткөргөндүгүн белгилеп, мугалим эже – агайларына каалоо – тилектерин айтып, ыраазычылыктарын билдиришти. Кеченин соңунда окуу жайдын директору Т.Р. Колдошов студенттерге куттук сөз айтып, ийгилик каалады. Жүрүм – турумдары менен үлгүлүү болгон жана иш -чараларга активдүү катышкан студенттерге дипломдорду тапшырды.

” КОЛЛИ ЛИГАСЫ “

4 -июнда Т.Эрматов атындагы БМПКнын спорт залында волейбол боюнча Бишкек шаардындагы орто окуу жайлар арасында балдар жана кыздардын “Колли лигасынын” биринчилиги өткөрүлдү.

Бул мелдешке кыздар командасынан 3 окуу жай ,балдар командасынан 5 окуу жай катышышты.

Жалпы эсепте 1-орунга Медколледж , 2-орунга ИСИТО, 3- орунга БМПКнын кыздар командасы ээ болушту.

Балдар командасынан 1- орунга ИСИТО, 2-орунга Медколледж, 3-орунга БМПКнын командалары камсыздады.

Жеңүүчү командалар республикалык “Колли лигасына ” жолдомо алышты.

БМПКнын мыкты спортчу кыздары

Кыргызстанда бокс боюнча Советтер союзунун баатыры Дуйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык чоң мелдеш өттү. Мелдешке коңшу өлкөлөрдүн окуу жайынан келген көптөгөн студент кыздар-балдар катышты. Биздин окуу жайдын ДТб -20-9-1 группасынын студенттери Сабина Дүйшенова жана Таалайбек кызы Каныкей эл аралык мелдешке катышып, 3 -орунду багындырып коло медалга ээси болуп, жеңиш менен келишти. Биздин спротчу кыздарды окуу жайдын мугалимдери жана студенттери чын дилден куттукташты. Ар дайым окуу жайдын атын чыгарган, көптөгөн ийгиликтерди багындырган, мыкты студенттерден болушуна тилектеш экенин билдиришти.

Акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун эки китебинин таанытмасы өттү

Мекенчил акын, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, маркум Зайырбек Ажыматовдун замандаштары, чыгармачылыкта бирге жүргөн калемдештери, кечени алып барышты. Акындын “Доско кат” поэтикалык ыр жыйнагы жана “Датасы жок күндөр” деген аталышта китеби чыкты. Кечеге Зайырбек Ажыматовдун ыр күйөрмандары, акын -жазуучулар Жогорку Кеңештин депутаты, акын Мирлан Самыйкожо, КРнын Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, Маданият маалымат спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Ч.Эсенгулов, КРнын эмгек сиңирген артистер, манасчы Рыспай Исаков, С.Бейшекеев, Т.Асаналиев, адабиятчы У.Турдалиев, журналист Ж. Эсеналиев, келип катышты. Кызы Карлыгач атасынын ырын окуп поэзия кечесин ачып берди. “Жаңы толкун” чыгармачыл борборунун жаш мүчөлөрү келип , акындын сүйүү, өмүр, жашоо тематикасындагы ырлары окулуп жана обондуу ырлары ырдалды. Акындын экинчи өмүрү улана берет. Ар дайым ыр күйөрмандарынын жүрөгүндө түбөлүк жашай берет.