2024-жылдын 28-майында Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжине Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейландын жетекчилигиндеги делегация иш сапар менен келишти.
Делегациянын курамын Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, проректорлор профессор Мехмет Сезаи Түрк жана доцент Камалбек Карымшаков, ректордун башкы кеңешчиси, профессор Режаи Доган, тышкы байланыштар бюросунун мүдүрү, док. Кадри Аггүн түздү.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинен келген өкүлдөр, Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи менен таанышуу, кызматташууну пландоо максатында келишти. Жолугушууга келген конокторду биздин окуу жайдын директору Уланбек Маткаримович Турдалиев жана директордун орун басарлары, бөлүм башчылар тосуп алышты.
КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан: “Биз, “Манас” университети катары Бишкек шаарындагы бир нече билим берүү мекемелери менен кызматташабыз. “Манас” университетинин ураанын “Университеттен да артык” – деп өзгөрттүк. Мунун себеби бир гана билим берүү жаатында эмес, ошол эле учурда башка уюмдар, окуу жайлар менен да тыгыз кызматташтыкта болуу” – деп өз сөзүндө билдирди. Бул багытта КРнын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен сүйлөшүү жүргүзүлгөнүн, ага ылайык, билим берүү мекемелердин бири менен бир тууган окуу жай катары кызматташтыкта иш алып барууну көздөп жатышкандыгын ректор, профессор Жейлан жолугушууда баса белгилеп өттү.Ошону менен бирге биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев да өз сөзүндө тажрыйба алмашуу эки тарапка тең пайдалуу болорун айтып, кызматташуу боюнча пикир алмашуунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.
Жолугушуунун жүрүшүндө У.М. Турдалиев окуу жай менен тааныштырып, жалпы маалымат берди. Ал өз сөзүндө “Колледж менен университеттин ортосунда кызматташуу чоң ийгиликке жеткирет деген ишеничтемин”, -деп иш сапары менен келген “Манас” университетинин жетекчилигине ыраазычылык билдирди.
Жолугушуу музыкалык-педагогикалык колледжинин салтанаттуу жыйындар залын, окуу бөлмөлөрүн, китепканасын кыдыруу жана эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.