2024-жылдын 22-майында Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи менен Казакстан Республикасынын Абай атындагы Чыгыш-Казакстан гуманитардык колледжинин директорлору академиялык мобилдүүлүк боюнча эки тараптуу келишимге кол коюшту.
Келишимге кол коюу үчүн аталган окуу жайдын директору Курманов Фархад Саканович, окуу иштери боюнча орун басары Слямбекова Жанар Ахмадиевна, илимий-методикалык иштер боюнча орун басары Жакашев Ринат Макенович жана бөлүм башчы Сапаргалиева Гулмира Советхановналар келишти. Кол коюу аземинен кийин Абай атындагы Чыгыш-Казакстан гуманитардык колледжинин директору үстүбүстөгү жылдын 26-апрелинде “Инновации в образовании: поиск и решения” аттуу онлайн уюштурулган конференцияга катышкан студенттерге дипломдорду тапшырды. Андан соң, Т.Эрматов атындагы БМПКнын студенттери тарабынан даярдалган чоң программадагы концерт тартууланды.
23-май күнү коноктор ачык сабактарга катышышты. Г.Ш. Нусупова “Башталгыч класстарда эне тилин окутуунун ыкмалары”, Куштарбек кызы Э. “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын үй -бүлө менен байланышы” аттуу темаларда кызыктуу сабактарды өтүштү.
Ошону менен бирге , Т.Эрматов атындагы БМПКнын окуу пландары, техникалык базасы жана иш кагаздары менен таанышышып, пикир алышышты.
Конокторду улуттук тарых музейине, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине жана “Ала-Арча” улуттук паркына экскурсияга алып бардык.