2024-жылдын 21-июнунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетине Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи иш сапары менен барды. Жыйын окумуштуулар кеңешинин жыйындар залында чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү, ректордун башкы кеңешчиси, профессор Режаи Догандын жетекчилигинде көркөм өнөр факультети, спорт илимдери факультети, гуманитардык факультетинин педагогика бөлүмү жана кесиптик жогорку мектептин профессордук-окутуучулук курамынын катышуусунда болуп өттү.
Делегациянын курамын Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин директору Уланбек Турдалиев, окуу иштери боюнча директордун орун басары Рахат Акматова, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Тамара Дилдебек кызы, өндүрүштүк окутуу боюнча директордун орун басары Асел Абдырахманова, башталгыч класста окутуу бөлүмүнүн башчысы Мамат Абытов, чет тилдер бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Абдылдаева жана музыкалык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нуртилек Абдигапаров түздү.
Алгач делегациянын өкүлдөрүнө “Манас” университети менен жакындан тааныштыруу максатында окуу жайдын таанытуу тасмасы, андан соң социалдык-жоопкерчилик долбоорлорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин үлгүсү – “Манас” үй-бүлөсүнүн мүчөсү Токтобүбү Апсатар кызынын жашоосун таасирдүү баяндаган тасма көрсөтүлдү.
Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү, ректордун башкы кеңешчиси, профессор Режаи Доган жыйындын максаты менен тааныштырып, жалпы маалымат берип ачылыш сөзүн сүйлөдү. Профессор Доган КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин жобосунда белгилегендей, колледжи институт кылып түзүү маселеси каралганын билдирип, күн тартибинде программаларды иштеп чыгуу маселеси бар экенин айтып, алгач бул жаатта иш алып баруу керектигине токтолду.
Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин директору Уланбек Турдалиев өз сөзүндө “Манас” университетине чакырып, алдыдагы кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жолугушуу уюштурган КТМУнун жетекчилигине ыраазычылык билдирди. У.М.Турдалиев “Манас” университети санариптештирүү жаатында алдыңкы билим берүү мекемелердин бири экенин баса белгилеп, эки мекеменин кызматташуусунун алкагында КТМУнун тажрыйбасын пайдалануу менен санариптештирүү боюнча көмөктөшүү маселесин айтты.
Күн тартибине ылайык, “Манас” университети санариптештирүү жаатында веб-сайт боюнча музыкалык колледжге багыт берүү, педагогика багытындагы китептерди басып чыгарып, бөлүмдөрдүн иш алып баруусу боюнча атайын окууларды, семинар-тренингдерди уюштура тургандыгы сүйлөшүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы эки мекеменин кыска жана узак мөөнөттүү кызматташуусу боюнча сунуштарын айтып, пикирлери менен бөлүшүштү.
Жыйын жамааттык сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.