“Эне тил барда , Мекен бар”

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу, Бириккен Улуттар Уюмунун жана ЮНЕСКОнун чечиминин негизинде Кыргызстанда жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу максатында 20 – январдан 21 -февральга чейин жарыяланган бир айлыктын негизинде Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинде бир нече иш – чаралар уюштурулуп өткөрүлдү.

Алсак, “Эне тилди барктайлы” аттуу кыздар арасында сармерден уюштурулду. Анда өз эне-тилибизди кадырлоо, улуттук каада салтыбызга аяр мамиле жасоо менен муундан муунга өткөрүү милдет экендигин көрсөтө алышты

” Тил – достукка көпүрө” деген аталыштагы тегерек стол, “Улуттук маданият – улуттун байлыгы” аттуу тарбиялык саат уюштурулду.

“Эне тил барда, Мекен бар ” аттуу өнөр таймашы менен жыйынтыкталды.

Таймашта кыргыз, өзбек,орус, англис тилдеринде сүйлөп , ырдап, бийлеп беришти.

Бул даталуу күн мекенчилдиктин жана өз Мекенине болгон сүйүүнүн, эне тилди сактоого умтулуу менен башка тилдерге болгон мамилебизди урмат – сый менен уланта берээрибизди далилдей алды.