Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык–педагогикалык колледжинин усулдук иштеринин планы боюнча 2020 жылдын 11-ноябрынан 19-ноябрга чейин “Математика жана информатика” ПЦКсынын Декадасы “Санарип мугалим –мезгил талабы” аттуу темада болду.

    Декаданын максаты: окутуу процессинде  мезгилдин талабына ылайык заманбап технологияларды колдонуп, ПЦК окутуучуларынын ачык сабактарды өтүү менен  тажрыйба бөлүшүү.

    Азыркы кырдаалга байланыштуу  Декаданын ачык сабактары жана иш чаралары  ZOOM платформасы менен өткөрүлдү.

   11-ноябрда “Математика жана информатика” ПЦКнын окутуучулары Декаданын ачылышын жасашты. ПЦКнын жетекечиси  Р.И.Акматова декаданын алдына койгон планын жана максатын тааныштырып,  видео- презентациясын Whatsapp аркылуу  БМПКнын  башка ПЦК  жетекчилерине жөнөттү.

     Декадада төмөнкү  беш окутуучу  ачык сабактарын өтүштү:                                                                                                   

  1. Конокбаева К.М. – Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы, КРнын Билим берүү жана илим министирлигинин билим берүү ишмердүүлүгүн  аккредитациялоо боюнча эксперти,  “Сапаттуу билим” билим берүү уюмдардын жана программаларын аккредитациялоо агенттигинин эксперти.

   Конокбаева К.М. 11.11.2020-ж. “Математиканы окутуунун  башталгыч курсу” окуу дисциплинасы боюнча БК19-11-5 тайпасына “Позициялык, позициялык эмес эсептөө системасынын түрлөрү. Ондук эсептөө системасында сандардын жазылышы” темасында ачык сабак берди.

    2. Дербишева Г.А.- КРнын билим берүүнүн мыктысы. 11.11.2020-ж. “Математика” окуу дисциплинасы боюнча БК-20-9-3  тайпасына “Функцияны изилдөөдө туундунун колдонуштарына мисалдар” темасында ачык сабак берди.

   3. 14.11.2020. жаш окутуучу Атарбекова А.А. “Маалымат-коммуникация технологиясы” окуу дисциплинасынан НКк-20-9-5 тайпасына ачык сабак өттү. Сабагынын  темасы: “Работа текстового процессора. Правила компьютерного набора  текста”

   4. КРнын берүүнүн мыктысы Сыдыгалиева З.А. 16.11.2020-ж. “Математиканы окутуунун усулу” окуу дисциплинасы боюнча БК-19-11-6 тайпасына  “Бөлчөк” түшүнүгүн окуп үйрөтүүнүн методикасы” темасында студенттерге усулдук жактан керектүү сабакты өттү. З.А. Сыдыгалиеванын сабагы кызыктуу жана жеткиликтүү болду.

  5. 16.11. 2020-ж.  КРнын билим берүү  жана илим министирлигинин “Ардак грамотасынын” ээси Акматова Р.И. “Маалымат-коммуникация технологиясы” окуу дисциплинасынан НК- 18-9-4  тайпасына “Создание дидактических игр с помощью технологий мультимедия” темасында сабакты өттү. Аталган темадагы сабак студенттерге гана эмес, сабакка катышкан окутуучуларга да пайдалуу болду.

   Декаданын ачык сабактарына катышкан мугалимдер  өтүлгөн сабактарга  анализ жүргүзүп, баалуу кенештерин берип, сын сөздөрүн айтышты.

 Декада учурунда 1-2 курстардын арсында “Математика» сабагы боюнча тестирлөө өткөрүлдү. Ошондой эле бүтүрүүчү курстун тайпаларында “Мезгил менен катарлаш бол!”  аттуу студенттердин болочок кесибинде маалымат технологияны колдонуу менен сабак  өтүүгө даярдык көрүү максатында видео-презентация-сабактардын сынагы өткөзүлдү. Жыйынтыгында жеңүүчү студенттерге  окуу жайдын атынан сыйлоо баракчалары тапшырылды.

   19.11. 2020-ж. илимий-практикалык конференция менен  ПЦК Декаданын ишин жыйынтыктады. Конференциянын  темасы: “Санарип мугалим – мезгил талабы”   Конференцияга И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин физика-математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин деканы, физика-математика илиминин кандидаты, доцент Бексултанов Жениш Тункатарович  катышты. Ошондой эле конференцияга БМПКнын   1993-2011 – жылдарда билим алып, ийгиликтүү аяктаган, учурда  Республикабыздын региондорунун мектептеринде башталгыч класстардын мугалими болуп үзүрлүү эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөрүбүз катышты. Илимий-практикалык  конференцияда  учурдагы аралыктан окутуунун  көйгөйлүү маселелери кызуу талкууга алынды.

     “Математика жана информатика” ПЦКнын жетекчиси Акматова Рахат Ислановнага  жана ПЦКнын жалпы окутуучуларына  келечектеги педагогикалык кесип ээлерине татыктуу билим жана таалим тарбия берүүдө  кошуп жаткан  зор салымдары үчүн терең ыразычылык билдиребиз!

      Т.Эрматов ат. БМПКнын директору, ф.и.к. Т.Р. Колдошов

Окуу иштери боюнча директордун орун басары  Д.О.Кутманалиева

                  Усулдук иштердин инспектору Абдылдаева Ж.М.

                                                                                                      20.11.2020-жыл