Бүгүн кыргыз элине белгилүү композитор, кыргыз симфониялык музыкасынын негиз салуучуларынын бири Таштан Эрматовдун туулган күнү.

Композитор 1928-жылы 18- ноябрда Жалал- Абад областынын Сузак районундагы Ак-Баш айылында жарык дүйнөгө келген.

Таштан Эрматов симфониялык жанрда бардык музыка таануучулар тааныган устаз. Кыргызстанда симфониялык музыканы баштоочулардын алгачкыларынан болуп эсептелет. Анын ысымы кыргыз музыка өнөрүнүн көрүнүктүү өкүлдөрү Виктор Петрович Власов, Владимир Георгиевич Фере, А.Тулеев, Акмат Аманбаев, МукашАбдраев ж.б. белгилүү инсандар менен катарлаш турат.

2013-жылы композитордун ысмы Бишкек музыкалык- педагогикалык колледжине берилген. Ал эми 2017-жылы атактуу композитордун айкели  окуу жайдын алдына тургузулган.

Эскерүү иш чарасын Т.Эрматов атындагы БМПКнын директору, филология илим. кандидаты, доцент Колдошов Түмөнбай Рахманович ачып сөз сүйлөдү. Музыкалык билим берүү бөлүмүнүн ага окутуучусу Ү.Ашыралиев замандашы катары   композиторду эскерди. Композитордун айкелине  гүлдесте коюлду. Иш чаранын аягында композиторго куран окулду.

. Композитордун ысмын алып жүргөн колледждин окутуучулар жана студенттер жамааты улуу композитордун чыгармаларын сүйүп угуп, анын элесин дайыма жүрөгүндө сактайт.