«Дене тарбия» ПЦКсынын Декадасы

Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин усулдук иштердин планы боюнча ар бир предметтик-циклдык комисссиясы (ПЦК) өзүнүн  алдыңкы  тажрыйбасын көрсөтүү, башка ПЦКлар менен тажрыйба алмашуу максатында Декада өткөрөт.

2020-жылдын 26-октябрынан 5-ноябрга чейинки  10 күндүк убакытта «Дене тарбия» ПЦКсы «Спорт  бүт дүйнөнү бириктирет» деген ураандын алкагында Декадасын өткөрдү.

Декада учурдагы COVID-19 оорусуна байланыштуу БМПКнын усулдук кеңеши тарабынан сунушталган  аралыктан билим берүү технологиясынын ZOOM платформасын колдонуу менен онлайн режиминде уюштурулду.

26-октябрда  «Дене тарбия» ПЦКсы Декаданын башталышын белгилеп,  планы менен тааныштырып видео презентациясын WhatsApp аркылуу БМПКнын ПЦКларына жөнөтүштү.

ПЦКнын 4 окутуучусу  ачык сабактарын ZOOM платформасын колдонуу менен өтүштү.

1. Эсенбеков А.А., КРдин билим  берүүсүнүн жана дене маданиятынын мыктысы, КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу – «Ордо» окуу дисциплинасынан «Дене тарбия» адистиги боюнча окуган студенттерине ачык сабагын өттү.

2. Маманазаров Т.С., КРдин билим  берүүсүнүн жана дене маданиятынын мыктысы, – «Дене тарбия усулу» окуу дисциплинасы боюнча «Башталгыч класстарда окутуу» адистигиндеги студенттерине сабак өттү.

Эки  жылдык педагогикалык тажрыйбасы бар жаш мугалимдерибиз

 Ж. Кулматов жана Нурланбек уулу Ч. «Волейбол» жана «Баскетбол» темаларында ачык сабактарын өтүшүп, студенттерди аталган оюндардын тарыхы, мааниси, оюн эрежелери жана ойноо техникасы менен тааныштырды.

Ар бир окутуучунун сабактары алдын ала тартылган видеопрезентациялары менен коштолду.

         30-октябрь күнү өнөрү өрнөктүү инсан, бокс боюнча эл аралык даражадагы биринчи калыс, «Даңк» орденинин ээси, бокс боюнча КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу,   КРдин дене тарбия жана спорт боюнча эмгек сиңирген ишмери Мамыт Акеров менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууну «Педагогикалык билим  берүү» бөлүмүнүн башчысы, «Бокс»  окуу дисциплинасынын окутуучусу жана машыктыруучусу А.Т. Сыдыгалиев уюштурду. ZOOM менен байланышка чыккан бөлүмдүн студенттери Акеров Мамыт агайга көптөгөн суроолорду узатып, аларга кызыктуу баяндоолор менен коштолгон жоопторду алышты.

«Дене тарбия» ПЦКнын Декадасы 5-ноябрда илимий конференция-семинар менен жыйынтыкталды. Аталган иш чараны «Дене тарбия» ПЦКсында эмгектенген окутуучулар А. С. Халиалдаева, К. А. Каниметова, Н. Абдылдаева, Н. Сыдыкова, М. Арыналиевдер жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүштү. Семинардын темасы «Модулдук баалоо системасы» деп аталып, катышуучулардын кызуу талкуусун жаратты. Семинарга колледждин бардык бөлүмдөрүндөгү окутуучулар ZOOM аркылуу катышып, лекторлорго суроолорун узатышты. БМПКга  жакында  Ebilim системасы орнотулгандыгына  байланыштуу, колледжде  модулдук-рейтинг системасы  киргизилет.

Окуу жайдын директору Т. Р. Колдошов жана окуу иштери боюнча директордун орун басары Д. О. Кутманалиева семинарды өткөргөн окутуучуларга ыраазычылык билдиришти.

Абдылдаева Ж.М.

БМПКнын  усулдук иштердин тескөөчүсү 06.11.2020-ж.