2-ноябрь – Маданият кызматкерлеринин күнү

     2-ноябрь-Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата БМПКнын китепканасында кыргыз музыкалык исскуствосуна зор салым кошкон маданият ишмерлерине арналган китеп көргөзмөсү уюштурулду.                                      
        Үстүбүздөгү жыл залкар комузчу, кылкыякчы, чоорчу, санжырачы, жомокчу, Кыргыз ССРнин Эл артисти (1935) Муратаалы Күренкеевдин туулган күнүнүн 160 жылдыгы белгиленип жатат.

          Ошондой эле ырчы, комузчу, күүчү жана обончу, Кыргыз ССРнин Эл артисти (1939) Атай Огомбаевдин 120 жылдыгы, композитор, СССР композиторлор союзунун мүчөсү (1942), КРнын Эл артисти (1974), КРнын исскуствого эмгек сиңирген ишмери, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1974), Кыргыз профессионал музыка өнөрүндөгү тунгуч жогорку билимдүү композитор Мукаш Абдраевдин туулган күнүнө 100 жыл, композитор, кыргыз профессионал музыкасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Аскар Түлөевдин туулганын 100 жылдыгы белгиленип. Аскар Түлөев Орто Азиядагы композиторлордун ичинен алгачкы жолу көлөмдүү симфониялык жанрдагы чыгармаларды жазган.

           Элибиздин маданиятын жогорулатууга салым кошкон залкарларга таазим!