БМПК периси-2024

Аалам ажары болгон аялзатынын 8-март Эл аралык күнүнө карата “БМПК периси-2024” аттуу сулуулар сынагы уюштурулду. Сынакка окуу жайдын студенттери катышышты. Сынакта өзүн-өзү тааныштыруу, чыгармачылык өнөрүн көрсөтүү, креативдүү жөндөмдүлүгүн жана логикалык суроолорго жооп берүү болду. Сынак кызыктуу өттү.Калыстар тобу дайындалып, төрагасы Бишкек шаардык А.Умуралиев атындагы драма театрнын директору, актер Ж. Жанжигит уулу болду. Жыйынтыгында, БМПК периси МЧб-21-9-1 группасынын студенти Суюнбаева Гулиза аталды.

3-март Туу күнү,5-март Ак калпак күнү

3-март Туу күнү,5-март Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу жыйын уюштурулду. Жыйында Кыргыз Республикасынын Туусу Гимндин коштоосунда көтөрүлдү. Куттуктоо үчүн сөз Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин директору У.М Турдалиевге берилди. Студенттердин жагымдуу ырлары менен жыйынтыкталды.

23-февраль Ата- мекенди коргоо күнү

23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата окуу жайда 1-курстун эркек балдары арасында “Эр таймаш” аттуу аскердик-спорттук мелдеш уюштурулду. Мелдешке ” Музыкалык билим берүү” бөлүмүнүн “Көк жал” тобу, “Педагогикалык билим берүү” бөлүмүнөн “Шумкар”тобу, “Чет тили бөлүмүнөн” “Айкөл манас” топтору катышышты. Мелдеш кызыктуу болуп, музыкалык ыр-бийлер менен коштолду.

Жыйынтыгында “Педагогикалык билим берүү” бөлүмү 1-орун

“Музыкалык билим берүү” бөлүмү 2-орун

“Чет тили” бөлүмү 3-орунга ээ болушту.