21- февраль- Эл аралык эне тил күнү

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар уюмунун жана ЮНЕСКОнун чечиминини негизинде Кыргызстанда жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу максатында Билим берүү жана илим министрлигинин    №182/1 буйругунун негизинде иш-чаралар уюштурулду.

“Эне тили жана адабияты” ПЦКсынын окутуучулары тарабынан “Эне тили- эне сүтүм” деген темада дилбаяндар жазылды.

Кураторлор тарабынан тарбиялык ачык сааттар өткөрүлүп, студенттер арасында кызуу талкуу болду.

. “Курама жыйып журт кылдым,кулаалы таптап куш кылдым” деген аталышта манасчылар менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушууага КРнын эмгек сиңирген артисти,манасчы,акын Рыспай Исаков жана анын шакирти Муса уулу Төлөбек келди .Алгач, иш-чараны окуу жайдын директору У.М.Турдалиев 21-февраль Эне тил күнү менен куттуктап, тилдин өнүгүшүн жана башка тилдер менен болгон мамиле жөнүндо баса белгилеп,сөз сүйлөдү.

Манасчылар “Манас” эпосунан үзүндү айтуу менен бирге студенттерди кызыктырган суроолорго жооп беришти. Эзелтен элибиз обон менен чер жазып, күч алган, жан дүйнө дабышын угуп, сезип чоңойгон кыргыз экендигин далилдешип обон созуп, ырдап беришти.

Чет тили бөлүмүнүн студенттери жана окутуучулары тарабынан төмөндөгүдөй   жолугушуулар уюштурулду..

      Япония элчилигинин волонтёру Yuri Ito менен “Learning a language” (“Мен чет тилин кантип үйрөндүм”) аттуу темада маек курду. Mr.Eijon Jhon (Бишкек шаарынын Билимкана мектебинде иштейт,Кыргызстанда 6 жылдан бери жашайт.) “Let’s speak English” (Келгиле англисче сүйлөйбүз.) темасында студенттер менен баарлашуу болду. Баубекова З.К. “I am learning” (“Мен үйрөнүп жатам”) аттуу темада колледждин мугалимдерине ачык сабак өттү.Филология илимдеринин кандидаты, доцент, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин “Чет тилдер”факультетинин англис тили жана маданий аралык байланыш кафедрасынын башчысы Абдимомунова Апал Омурбаевна менен Чет тили бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери  жолугушуу өткөрүп  “How to motivate  to learn English”.(“Англис тилин окууга кантип мотивация берүү керек”) деген темада конок лекция болду.

А.Д. Асанканованын уюшуруусунда “The wish” (“Каалоо”) ИЯк 22-11-4 группасынын студенттери менен сценка коюлду.

         

“Ооган ардагерлери менен жолугушуу”

Ооганстандан аскерлерди алып чыккандыгынын 35 жылдыгына карата “Ооган ардагерлери менен жолугушуу” салтанаты болду. Салтанатты ачып берүү үчүн сөз Т.Эрматов атындагы БМПКнын директору У.М.Турдалиевге берилди. Андан соң, ардагерлерибизге сөз берилип, алар Ооган согушу жөнүндө студенттерге айтып беришти. Студенттердин суроолоруна жооп беришип, Ата Мекенди сүйүүгө жана урматтого чакырышты.

”Экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү масалелери”

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча Программасын ишке ашыруу боюнча “Экстремизмге жана терроризмди алдын алуу жана каршы аракеттенүү маселелери” деген темада Биринчи май районунун Ички иштер башкармалыгынан милициянын майору Арсыматов Э.Д., милициянын капитаны Асылбеков М.А.,милициянын капитаны Н.Э.Эсенбековдор келишип, студенттерге аталган темада лекция окуп беришти. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп ала алышты

Мындан тышкары “Жаш өспүрүмдөр инспекциясынын инспектору, милициянын капитаны Асылбеков М.А. “Тамекинин зыяндуулугу” жана “Рекетчилик -бул кылмыштын башаты”. деген темаларда түшундүрүү иштерин жургүзүштү.