Билим, тарбия, турмуш чындыгын окуткан мугалим

Абдырахманова Октябрина Абдырахманвна

эл агаруунун отличниги

“Акыл эстүү ар бир адам кандай кесип болбосун  жүрөгү менен сүйүп окуп билим алса, ошол өнөрдүн бийик сересине чыга алат,”-дечү эле сакадай бою сары алтын Октябрина эжеке. Мен бул акылдуу, жапалдаш боюу билимден бүткөн  эжеке менен 1990–жылдын, август айынан бери таанышмын.  Бул учур мамлекетибизде «кыргыз тилине» өзгөчө көңүл бурула баштаган мезгил болчу. Мамлекеттик мекемелердин иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлүп, жогорку окуу жайларында сабактар кыргыз тилинде өтүлүшү керек. Биз тилибизди мамлекеттик тил кылганыбыз кайсы? Жана башка толгон-токой суроолор газета беттерине байма –бай басылып, куру кыйкырык жүрүп турган мезгил эле. Биз да ошондой ураанды жактаган айылдан барган жаш кыз – балдарбыз.

Окуу жайга өтүп, кубанычыбыз койнубузга батпай сүйүндүк. Бирде ачка, бирде ток болгон студенттик жашоо башталды. Атыбыз эле алгачкы кыргыз группасы болбосо, сабактар дээрлик орус тилинде өтүлөт. Группада Кыргызстандын алыскы региондорунан, Лейлектен, Ноокаттан, Токтогулдан, Таластан, жана башка жерлерден келген студенттер бар. орус тилдүү болбогон соң түшүнбөй, тушүнгөнүбүз орус тилинде айтып бере албай жаттап айтып беребиз.  Мындан көйлөйлүү маселебиз-жатакана. Окуу жайдын студенттик жатаканасы бар. Бирок, төшөнчү, орундары жок экен. Ошондо Октябрина эжеке: Баскыла, директорго кирели, төшөнчү бербесе койсун, өзүбүз алып келебиз жатаканадан орун сурайбыз деп, бизди жөжөлөрдөй ээрчитип алып,(ошол мезгилдеги директор) Болот Малдыбаевге кирген элек. Ошентип эжекенин күчү,эмгеги менен жатананын 5-этажында жашап калганбыз.

Эже алыстан келген студенттерди өз баласындай калкалап ,биз үчүн кошо жүгүрчү. Жаш муундарды окутам деп келдиңерби? Максатка жетүү үчүн тырышкыла. Педагогикалык окуу жай силерге мугалим деген наам берет. Бирок чыныгы мугалим болуш үчүн, изденгиле ,окугула, өз кесибиңерди жүрөгүңөр менен сүйгүлө-дейт эле. Аттин ай десе!  Эженин басып өткөн жолу, агартуу майданындагы баа жеткис эмгектери, студентерине болгон камкордугу жөнүндө өзүнчө бир китеп жазса болот.

Бул кыялды жүзөгө ашыруу менин колумдан келер бекен?

Токтогул шаары

Султаналиева Гульзат

1990-1992-жылдарда окуган алгачкы кыргыз группасынын студенти

БМПКнын бүтүрүүчүлөрү диплом алдындагы практикада

Бул практикада болочок мугалимдин практикалык даярдануусунун жыйынтыктоочу этабы болуп эсептелинет.Педагогикалык практиканын бардык түрүн ийгиликтүү өтөгөн студенттер гана “ Мамлекеттик диплом алдындагы практиканы” өтүүгө уруксат берилет.Диплом алдындагы практикада студенттер башталгыч класстын мугалиминин бардык функционалдык милдеттерин өз алдынча аткарышат.

“ Башталгыч класстарда окутуу”бөлүмүнүн студенттери

Педагогикалык билим берүү бөлүмүнүн студенттери.

Орозо-кечиримдүүлүктүн айы

Бүгүн, 23-апрелде БМПКда орозо кармаган окутуучуларга, кызматкерлерге окуу жайдын администрациясы ооз ачар уюштуруп, дасторкон жайды.

Ооз ачарга жамааттан 60тан ашык адам катышып, жакшы тилектер айтылып, көзү өтүп кеткен кесиптештерге багышталып Куран окулду.

Ооз ачар уюштурган бардык кесиптештерге, эмгек жамаатка ыраазычылык билдиребиз.
Орозоңуздар кабыл болсун!

“Чет өлкөдө билим алуу мүмкүнчүлүгү”

Бүгүн, 23-апрелде БМПКнын салтанаттуу жыйындар залында Түштүк Кореядагы Ханян университетинин бүтүрүүчүсү, Корея өкмөтүнүн KGSP стипендиялык программасынын магистранты Нурсултан Алтыбаев менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда конок лектор “Чет өлкөдө окуу мүмкүнчүлүгү, Кореяда билим алуунун артыкчылыгы” деген темада ой бөлүшүп, студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берди.

Иш-чаранын соңунда кызыктуу суроолорду берген студенттерге белектер берилди.

К.Тыныстановдун 120 жылдыгы белгиленди

БМПКда К.Тыныстановдун 120 жылдыгына карата “Жарыгы өчпөйт жакшынын” аттуу илимий практикалык конференция болуп өттү. Конференцияда кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, мамлекеттик жана коомдук ишмер К. Тыныстановдун өмүрү, чыгармачылыгын камтыган баяндамалар калемине таандык ырлары көркөм окулду. Замандаштарынын эскерүүлөрү, “Жаңыл мырза” чыгармасынан үзүндү аткарылды.

БМПКда эл аспапттар оркестри

Бүгүн 21- апрелде БМПКнын салтанаттуу жыйындар залында “Музыкалык билим берүү бөлүмүнүн” “Элдик аспаптар” кафедрасы уюштуруп жаткан декаданын алкагында, эл аралык конкурстардын лауреаты «Жубанов-көктөмү» фестивалынын «ГРАН ПРИсинин» ээси Бишкек шаардык мэриясынын эл аспаптар оркестринин концерти болуп өттү.

Концертте Ата Мекендик ырлардан тартып, дүйнөлүк классикалык чыгармалар аткарылды.

Аталган оркестрде БМПКнын окутуучулары М. О. Ысыев, К. А. Токмаметов эмгектенип келишет.

Бизге эң кереметтүү азык, музыка тартуулананыңыздарга, оркестрдин жалпы курамына,
башкы дирижеру КР эл артисти, КР өкмөтүнүн мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, эл аралык ТҮРКСОЙ жана Казакстандын «АБАЙ»медалдарынын ээси, республикалык жана эл аралык конкурстардын лауреаты, «ДАНК” орденинин кавалери, профессор, Бакыт Тилегеновго, мукам ундуу ырчыларына жалпы жамаатыбыздын атынан ыраазычылык билдиребиз.

Өлкөбүздөгү кыздардын абалы жана өнүгүү перспективалары

Бүгүн ,15-апрелде белгилүү педагог Асылбек Жооданбеков агай жетекчиликтин суранычы менен коллеждге келип студенттерге “Өлкөбүздөгү кыздардын абалы жана өнүгүү перспективалары” деген темада лекция окуду.
Студенттер менен пикир алышып, суроо-жооптор, сунуштар айтылып эркин баарлашуу болду.

Асылбек Жооданбеков конок лектор болорун угуп, атайын мектеп мугалимдери келип иш- чарага катышып кетишти.

Улуттун келечеги үчүн кызмат кылган сиздей адамдар көп болсун.

Кесипти туура тандоо-келечектин ачкычы

2021-жылдын 6-апрелинде Бишкек шаарындагы Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин директору баштаган окуу жайдын жамааты Ленин районундагы №84 жана №96 жалпы билим берүүчү орто мектептеринин бүтүрүүчүлөрү, 9-11-класстары менен кесипти туура тандоо, багыт берүү максатында жолугушуу уюштурушту. Бүтүрүүчүлөргө баалуу кеп-кеңештер айтылып БМПКнын студенттери окуу жайдагы адистиктер боюнча маалымат менен бөлүшүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө “Музыкалык бөлүмүнүн” студенттери жагымдуу маанай тартуулап, ыр, күүлөр аткарылды.
Жолугушууну уюштурууга салым кошкон агай- эжекелерге, аты аталган мектептердин жамаатына ыраазычылык билдиребиз.

БМПКда “Нооруз” майрамы белгиленди

19-март БМПКда “Нооруз” майрамына карата “Жаз алып келген жаңы күн” аталышындагы улуттук каада-салт, үрп-адат, элдик өнөр жана башка көөнөрбөс мурастарыбызды чагылдырган майрамдык иш-чара болуп өттү.Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук тамак-аш, улуттук кийим көргөзмөлөрү уюштурулуп, улуттук спорт оюндары ойнотулду.

Кыздар арасында волейбол

Бүгүн Т. Эрматов атындагы БМПКда “Нооруз” майрамына утурлай кыздар арасында волейбол оюну болуп өттү. Оюнга беш команда катышып, күч сынашышты.
1-2-орунга “Башталгыч класстарды окутуу” бөлүмүнүн командалары,
3-орунга “Педагогика” бөлүмүнүн ” Чет тили” адистиги командасы ээ болушту. Эжелер курама командасы үлгүлүү оюн көрсөтүп баш байгени ээлешти.
Аталган саамалыкка окуу жайдын Профсоюзу демөөрчүлүк кылып, акчалай байге, дипломдор менен сыйланышты.