Бүгүн, 2024-жылдын 26-сентябрында, Институттун мугалимдик жана студенттик жамаат киберкоопсуздук жана ар түрдүү уюмдардын инновациялык продуктыларына арналган BIT 2024 эл аралык форумуна катыштык. Иш-чаранын жүрүшүндө маалыматтарды коргоо жана санариптик мейкиндикте коопсуздукту жогорулатууга багытталган алдыңкы чечимдер жана технологиялар сунушталды.
Форумда киберкоркунучтар, аларды алдын алуу ыкмалары жана маалыматтарды коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Эксперттердин сүйлөгөн сөздөрү учурдагы чакырыктарды жана билим берүү мекемелеринде, анын ичинде биздин институтта коопсуздукту камсыз кылуу стратегияларын тереңирээк түшүнүүгө жардам берди. Жана ушундай сыяктуу коңгуроолордун ордуна ар кандай иш чараларды же ыр чыгармаларды звонок учурунда коюу.
Форумдун жүрүшүндө биз билим берүү жана административдик процесстердин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган уникалдуу чечимдерди сунуштаган ар түрдүү уюмдардын инновациялык продуктулары менен тааныштык.