Тил – улуттун кенчи

23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинде салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Кыргыз тилинин Гимни менен башталып, окуу жайыбыздын директору У.М.Турдалиев агайыбыздын куттуктоосу менен уланды. “Манас” эпосунан үзүндү айтылып, комузчулар комузда кол ойнотуп, бийчи кыздар кызгалдактай кулпуруп, жибектей ийилип, кыргыз бийин бийлешти. Чет өлкөдөн келген коногубуз да комуз чертип, көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду. Жигиттерибиз эне тилге, Ата Журтка арналган ырларды жогорку деңгээлде аткарышты.

Окуу жайыбыздын жигиттер командасынын арасында, майрамды утурлай волейбол таймашы уюштурулду.