Есик гуманитардык экономикалык колледжи жана №1 Алмата казак мамлекеттик гуманитардык экономикалык колледжи биздин конокто

19-Май 2023-жылы Кыргыз Республикасы менен Казак Республикасынын орто окуу жайлар арасында эл аралык байланыштарды өнүктүрүү максатында волейбол оюну боюнча мугалимдер жана студент кыздар арасында мелдеш өткөрүлдү.

Бул мезгилде Есик гуманитардык экономикалык колледжи, №1 Алмата казак мамлекеттик гуманитардык экономикалык колледжи жана Т.Эрматов атындагы БМПКнын командалары катышты. Мелдештин ачылышында Т.Эрматов атындагы БМПКнын директору У.М Турдалиев сөз сүйлөдү.

Эки мамлекеттин гимни жаңырды. Андан соң, ар бир команданын өкүлдөрүнө сөз берилип, каалоо тилектер айтылды.

Мелдеш абдан курч, жакшы маанайда өттү. Студенттер бири-бири менен достошуп эстелик үчүн сүрөттөргө түшүштү . Жыйынтыгында төмөндөгүдөй ийгиликтерге жетишишти.

Студеттер арасында

I орун №1 Алмата казак мамлекеттик гуманитардык экономикалык колледжинин кыздар командасы

II орун Есик гуманитардык экономикалык колледжинин кыздар командасы

III орун БМПКнын кыздар командасы тактыктуу болушту

Мугалимдер арасындагы оюнда

I орунда Есик гуманитардык экономикалык колледжи,

II орунда Т.Эрматов атындагы БМПК

III орунга №1 Алмата казак мамлекеттик гуманитардык экономикалык колледжи

ээ болушту.

Аягында жеңүүчүлөр грамота,медалдар менен сыйланышты , окуу жай тарабынан келген конокторго сый тамак тартылды.