ТИЛ – УЛУТТУН ЖАНЫ


Мамлекеттик тил күнү “Кыргыз тилинин көйгөйлөрү…” деген темада көп нерсени демилгелеп, азга жетпей калган учурлар болот.
Көйгөйдүн багыты, демилгенин жыйынтыгы, күтүлгөн натыйжасы көмүскөдө калбай өз максатына жеткени кимди гана кубандырбайт. Ушул өңүттү эске алып Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинде 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата ушул күнгө чейин аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды. Башкача айтканда студенттер жат жазуу, дил баян жазышып, кыргыз тилине байланыштуу тесттерден өтүштү. Жыйынтыгы пайыздык көрсөткүчтөр менен белгиленип кыргыз тили жана адабияты мугалимдери жогрудагы кемчиликтер (орфографиялык, пунктуациялык жана мазмундук) менен иштөө керектиги аныкталды. Кыргыз тилинин Гимни менен башталган иш-чара кыргыз тилинин арбын жолдуу тарыхын баяндоо менен коштолду.