АК ЖОЛ САГА, БҮТҮРҮҮЧҮ

20 -июнь күнү Музыкалык жана Педагогикалык билим берүү бөлүмдөрүнүн студенттери үчүн бүтүрүү аземи болду. Аземге окутуучулар,студенттер жана ата -энелер катышты.Окуу жайдын директору, доцент Т.Р.Колдошов бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап куттуктады жана артыкчылык диплом менен аяктаган студенттерге сертификат тапшырды. Кеченин жүрүшүндө бөлүм башчылар, кураторлор, ата-энелерге ыраазычылык сөздөрүн айтышты.

Бүтүрүүчүлөр тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды жана коштошуу вальсы бийленди. Турмуш сапарыңар байсалдуу болсун,кымбаттуу бүтүрүүчүлөр! Кыргызстандын кайсы жеринде болсоңор да, мектеп, бала бакчаларда иштеп, жаш муундарга татыктуу тарбия билим берүүгө салым кошкула.Эртеңки билимдүү,мекенчил жаштарыбыздын тарбиялануусуна себепчи болгула.Сиздерге ак жол каалайбыз!