Акын А.Кожогуловдун “ШАМАЛ КАЙЫП” аттуу китеп таанытмасы өттү

Белгилүү акын, журналист, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Атахан Кожогуловдун жаңы чыкан китебинин бет ачары жана поэзия кечеси болду. Аталган кечеге жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, КРнын эл акыны А.Рыскулов, К.Көкүлөв, Б.Шамшиев ж.б акын -жазуучулар, адабиятчылар, журналисттер, мугалимдер, студенттер катышты. Автордун калемине таандык ырларын биздин окуу жайдын студенттери мыкты көркөм окуп ,келген коноктордун поэзия сүйүүчүлөрдүн алкоосуна татып ,кеченин көркүн ачты. Кече узак кол чабуулар менен коштолду. Жаш акындар да, акындын котормо ырларын окуп беришти.Кеченин соңунда автор окуу жайдын жетекчилигине, уюштуруучуларга ,талантуу студентерге алкышын айтып ыраазычылык билдирди.