ЖАЗУУЧУ А. МУРАТОВДУН КИТЕПТЕРИНИН ТААНЫТМАСЫ ӨТТҮ

Биздин окуу жайда белгилүү адабиятчы, жазуучу, публицист, педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратовдун беш жаңы китептеринин бет ачары болду. Иш-чарага Кыргыз Маданият маалымат спорт жана жаштар министрлигинин өкүлдөрү, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков жана акын жазуучу адабиятчылар, Казахстан жазуучулар союзунун мүчөлөрү С.Камшыер, А.Шегебай ж.б. бир топ коноктор келип катышты. Кечеде адабиятчынын көптөгөн китептер көргөзмөсү коюлуп китептери сатылды.