БМПК менен ЭКУнун байланышы түзүлдү

Бүгүн 2022-жылдын 16-февралында “Билим берүү уюмдарынын кызматташтыгы- келечектин ачкычы” темасынын алкагында  Бишкек музыкалык – педагогикалык колледжи жана Кыргыз Республикасынын педагогикалык билим берүүчү окуу жайлары аралык өз ара кызматташуу жөнүндө түзүлгөн жобого ылайык БМПКнин директору, ф.и.к., доцент Т. Р. Колдошов менен  Эл аралык Кувейт университетинин ректору п.и.д., профессор  Э. А. Байсеркеев кызматташуу келишимине кол койду.

Кызматташуу боюнча келишимдерди БМПКнын директору, ф.и.к., доцент Т. Р. Колдошов менен ЭКУнун Тарбия иштери, Эл аралык байланыштар жана Мам. тил боюнча проректору, п.и.к., доцент А.Д. Ибраев алмашышты.

Жобого ылайык тараптар билим берүү уюмдардын окутуучуларынын (ошондой эле мектеп мугалимдеринин жана мектепке чейинки билим беруу уюмдарынын тарбиячыларын) педагогикалык кесиптик квалификациясын жогорулатуу курстарын, стажировкасын, семинар-тренингдерин, илимий практикалык симпозиум, тегерек стол, биргелешкен жумушчу сапарларын жана башка ушул сыяктуу окуу-усулдук иш чараларды уюштуруу, өткөрүү, окуу-усулдук иштерин жүзөгө ашырууда адистерди алмашуу, эл аралык практикалык иш-чараларды симпозиумдарды, конок семинарларды, вебинарларды ж.б. биргелешип өткөрөт.