Б.Салгаманинин “Аты жок китеп” аттуу китебинин таанытмасы өттү

Бүгүн бизде акын Бектуруш Салгаманинин чыгармачылык поэзия кечеси болуп өттү. Биздин окуу жайдын директору Түмөнбай Колдошовдун уюштуруусу менен өткөн кечеге адабияттын азыркы залкарлары Т.Самудинов, С.Кайыпов, Ж.Бөкөшев, Э.Нурушев, К.Бакиров, Б.Шамшиев, Ж.Саалаев, Б.Сарыгулова ж.б, жаш акын-жазуучулар, поэзия күйөрмандары жана окуу жайдын мугалим студенттери катышты.

Поэзия – бул жан дүйнө. Мына ушул өзгөчө бийик дүйнөнү аркалаган авторлордун бири акын Бектуруш Салгамани.

Акын ырларында жасап эмес, ырларында жашап жазган нукура таланттуу акын экенин анын ырларынан таанысак болот. Акынды акын кылып тааныткан чыгармаларынын бири “Өгөй ата” балладасы. “Аты жок китепте” соңку жылда чогулткан көркөм дүйнөсү топтолуп, табият нукура акындыкты ыроологон, адабиятка ак дилден кызмат кылган бул аралыкта сан жагынан эмес сапат жагынан мыкты китеп экени көрүнүп турат.

Поэзия кечеде автордун Аты жок китебинин таанытмасында белгилүү адабиятчылар тарабынан, баяндамалар жасалып, ырлары көркөм окулуп, обондуу ырлары аткарылды. 3 саатка созулган адабий кечеге Д.Керимов модераторлук кылып, жалпы күйөрмандарга жагымдуу маанай тартуулады.

Бектуруштун махабат темасында, ашыглык лирикасында өзүнчөлүгү бар. Ашыктык анын жүрөгүндө жаш чагынан, бала күнүнөн бүгүнкү күнгө чейин сакталып келгенин ырларынан сезип, туюп атабыз. (Т.Самудинов)
Ошол таштар сайда камалып,
ошол бойдон жатат агарып.
Тоголоткон ошол таштардай,
Таштап кеткен бизди балалык. (Б.Салгамани)
Мындан ары, поэзия кечелерди көп уюштурамын. Мен азыктануум керек жүрөктүн клапындары ыр укпай кургап, какшып барат. Экинчиден студенттерибиз чыгармачылык дүйнөнү таанысын. Сенек адис болбой. журөгу ырды уга билген, музыканы акылында туя билген инсан болсун!. Биз Мидин, Райхан, Какен, Байдылданы көрбөй калдык. Жок дегенде Карбаласты, Токтосунду, Бектурушту, Сагын эжени көрүп ыр окуганын угуп, поэзиясын оз оозунан тыңдап калалы. Булар бизге таберик! Ар бир студент ушуну түшүнсө дейм.(Т.Р.Колдошов)