Келсин, Жаңы жыл !

Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинде Жаңы жылдык салтанаттуу кече өттү.Концертти Жаштар кеңешинин студенттери уюштурушту. Окуу жайдын бардык бөлүмдөрүнун студенттери ырдап,бийлешти

Көрүнүктүү композитор Т. Эрматов жана залкар жазуучу Ч. Айтматов 95 жашта.

Композитор Т.Эрматовдун жана залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына жана Улуттук адабият күнүнө карата 12-декабрда салтанаттуу иш-чара уюштурулду.

Анда, “Жарыгы өчпөйт жакшынын” аттуу кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, грамота жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланды. Ошондой эле, орто кесиптик окуу жайлар арасында өткөрүлгөн волейбол оюну боюнча да жеңүүчүлөргө диплом,ыраазычылык каттар тапшырылды. Ч. Айтматовдун чыгармаларынан сценка көрсөтүлүп, анын чыгармалары чагылдырылган ырлар жаңырды.

Кошумча кесиптик билим берүү

Таштан Эрматов атындагы БМПКда “Кошумча кесиптик билим берүү педагогикалык ишмердилүүктүн жаңы багытты жана мүмкүнчүлүктөрү” боюнча орто кесиптик окуу жайлар арасында мемарандум түзүлүп, келишимдерге кол коюлду. Бул келишимдерге кол коюуга Бишкек шаарынын жана Чуй облусундагы кесиптик орто окуу жайларынын директорлору чакырылган. Мемарандум түзүүнүн максаты, милдети боюнча түшүндүрмө берилип, аталган кесиптик окуу жайлар менен келишимдер түзүлдү. Биздин окуу жайда кайра даярдоо курсу ачылды. Чакан концерттик программа менен иш-чарабыз жыйынтыкталды.

Окуу жайлар аралык мелдеш

Композитор Таштан Эрматовдун 95 жылдык юбилейин утурлай Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинде орто кесиптик окуу жайлар арасында волейбол оюну боюнча мелдеш болуп өттү. Окуу жайлардын кыздар жана балдар командалары беттешишти.

Мелдеште кыздар арасындагы оюнда 1-орунду Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи

2-орунду Бишкек медициналык колледжи.

3-орунду Кыргыз Авиациалык институту.

Эркек балдар арасындагы оюнда 1-орунду Юридикалык колледжи

2-орунду ИСИТО

3-орунду Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин студенттери багындырышты.

 Т.Эрматов 95 жашта

Кыргыз профессионал музыкасынын баштоочуларынын бири, композитор, профессор Таштан Эрматовдун 95 жылдык юблейине карата  окуу жайда салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Т.Эрматов чыгармачылыгы тууралуу санааалаштарынын эскерүүсү видео –баян көрсөтүлдү. Андан соң, Т.Эрматовдун чыгармаларын колледждин “Музыкалык билим берүү”  бөлүмүнүн студенттери аткарышты.

                   Чындыкты айтсак, болбостур сөздүн төгүнү

                    Музыка бул-нөшөрдөй сабап төгүлүү

                    Жаштар менен жашташ болуп Эрматов

                    Окуу жайда калат өрнөк өмүрү демекчи, улуу инсандын өзү өлсө да, анын чыгармалары кыргыз барда жашай бермекчи.

Олимп оттору

Оор атлетика боюнча СССРдин 2 жолку чемпиону, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу,  КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Эмгек кызыл туу ордени, Даңк медалы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасынын ээси, Москва шаарында өткөн 22-жайкы Олимпиада оюндарынын оор атлетика боюнча чемпиону Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич Т.Эрматов атындагы БМПКнын студенттери менен жолугушту. Чемпион агайыбызды студенттер кызыл килемде кол чабуулар менен тосуп алышты. 

             К.Осмоналиев алгач сөздү өзү жөнүндө жана кантип ийгиликке жеткендиги тууралуу айтып берди. Студенттерди кызыктырган суроолорго жооп берип, жолугушуу жагымдуу маанайда өттү. Аягында студенттердин чакан концерти менен жыйынтыкталды.