Month: November 2019
Т.Эрматов атындагы БМПКда «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү» күнүнө карата окумуштуу изилдөөчүлөр менен жолугушуу болду. Колледждин жалпы окутуучулар жана студенттер жамааты катышып, кызыккан суроолорго жооп ала алышты.
Т.Эрматов атындагы БМПКда 2019-жылдын 16-ноябрында ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке колледждин жалпы жамааты катышты.
Аскердик даярдык боюнча биринчи курстар арасында кароо-сынак өткөрүлдү
2019 жылдын 16-октябрында колледждин батыш тарабындагы аянтчада аскердик даярдык боюнча биринчи курстар арасында кароо-сынак өткөрүлдү. Бул иш-чарага бардыгы болуп тогуз команда катышты. Кароо-сынактын программасы боюнча студенттер саптын ыкмалар, салтанаттуу жүрүм, саптык ырды аткаруу сыяктуу көнүгүүлөрдү аткарышып күч сынашты. Андан тышкары аскердин тематикага байланыштуу викторина өткөрүлүп, студенттер өздөрүнүн интелектуалдык жөндөмдөрүн көрсөтүштү.
Жыйынтыгында ЧТ-11 командасы чемпиондукту жеңип алып, МЧБ-11 жана БК-11 командалары экинчи жана үчүнчү орундарга татыктуу болушту. Башка группаларга дагы ар кайсыл номинациялар боюнча сыйлыктар ыйгарылды.