Т.Эрматов атындагы БМПКда 2017-2018-окуу жылында өткөрүлгөн иш чаралар:
1.09.17. «1- сентябрь- Билим күнүнө карата салтанаттуу иш чара өткөрүлдү.
23.09.17. 23-сентябрь-Мамлекеттик тил күнүнүнө карата «Тил жана маданит – дил азыгы» аттуу салтанаттуу иш чара болуп өттү.
27.09.17. 1-курска кабыл алуу күнү белгиленди.
4.10.17. Мугалимдердин кесиптик күнү Жыйындар залында «Мугалим- жаңылыктын жарчысы» аттуу салтанаттуу иш чара менен белгиленди.
4.12.17. Манас күнү -1 курстар арасында КВН өткөрүлдү.
12.12.17. Улуттук адабият күнү белгиленди.
14.12.17. «Мен – Кыргызстандын жаранымын» аттуу иш чара Адам укугу декларациясын таанытуу максатында өткөрүлдү.
20.12.17.»Окугандар акылдуу улук болоор, Билимдүүгө түгөнбөс байлык коноор» Ж.Баласагын бабабыздын накыл сөзүнөн алынган иш чара жаштарды илим-билим, өнөргө багыттоого арналып өткөрүлдү.
27.12.17. Жаңы жылдык оюн-зоок кечеси жыйындар залында болуп өттү.
21.02.18. 21- февраль- Эл аралык Эне тил күнүнө карата «Эне тилим элим берген адабият, Эне тилим өзгөчө бир маданият» аттуу конкурс 3 бөлүмдүн 2- курстарынын арасында өткөрүлдү.
22.02.18. 23- февраль- Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде» аттуу салтанаттуу иш чара аскердик – спорттук оюндардын коштоосунда өткөрүлдү.
5.03.18. 3- март- Кыргыз Республикасынын Желек жана 5- март- Ак калпак күнү Жаштар Кеңешинин демилгеси менен салтанатуу иш чара өткөрүлдү.
7.03.18. 8-март- Аялдардын эл аралык майрамына карата «… Бир мээримди күндөн алса адамзат, Экинчисин өзүң төгүп турасың» аттуу адабий музыкалуу кече жыйындар залында болуп өттү.
19.03.18. Нооруз майрамына карата «Нооруз- жаңылыктын жарчысы» аттуу салтанаттуу иш чара жыйындар залында өткөрүлдү.
18.04.18. Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Айтматов ааламы» аттуу илимий- практикалык конференция жана « Жазуучунун чыгармалары –сахнада» аттуу иш чара жыйындар залында болуп өттү.
19.04.18. Т.Эрматов атындагы БМПКнын хору жетекчиси Г.Г.Рагозин чоң программадагы концертин тартулашты.
26.04.18. БМПКнын 1-курсунун студенттеринен турган хор жетекчиси С.М.Урмамбетова студенттер жана окутуучуларга концерт тартуулашты.
20.04.18. Бишкек мэриясынын алдындагы Эл аспаптар оркестри (жетекчиси Бакыт Тулегенов) жыйындар залында чоң программадагы концертин тартуулашты.