БМПКнын Көзөмөлчүлөр кеңеши шайланды

БМПКнын Көзөмөлчүлөр кеңешинин жаңы шайланган курамынын жыйыны болуп өттү. Анда жаңы курам өздөрүнүн төрагасын шайлады.

Окутуучуларынын атайын каражаттан төлөнүүчү айлык маянасын жогорулатуу боюнча директор Т.Колдошовдун сунушу талкууланып, бир добуштан бекитилди.

КЕЛЕЧЕКТЕГИ ЧЕМПИОНДОР

Кыргыз Республикасынын өспүрүмдөр арасында эркин курөш боюнча өткөрүлгөн күрөш мелдешинде, ДТб-21- 9-1 группасынын 1 курстун студенттери: Асида Чаткалбаева, Арууке Жээнкулова катышып 3 орунга ээ болуп, диплом жана медалдар сыйланып жеңиш менен келди. Биздин окуу жайдын атын тааныткан мыкты чемпион студент кыздар болот деген үмүтүбүз чоң.

Акын А.Кожогуловдун “ШАМАЛ КАЙЫП” аттуу китеп таанытмасы өттү

Белгилүү акын, журналист, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Атахан Кожогуловдун жаңы чыкан китебинин бет ачары жана поэзия кечеси болду. Аталган кечеге жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, КРнын эл акыны А.Рыскулов, К.Көкүлөв, Б.Шамшиев ж.б акын -жазуучулар, адабиятчылар, журналисттер, мугалимдер, студенттер катышты. Автордун калемине таандык ырларын биздин окуу жайдын студенттери мыкты көркөм окуп ,келген коноктордун поэзия сүйүүчүлөрдүн алкоосуна татып ,кеченин көркүн ачты. Кече узак кол чабуулар менен коштолду. Жаш акындар да, акындын котормо ырларын окуп беришти.Кеченин соңунда автор окуу жайдын жетекчилигине, уюштуруучуларга ,талантуу студентерге алкышын айтып ыраазычылык билдирди.

АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК КЫЗМАТЫ УЛАНУУДА

БМПКга академиялык мобилдүүлүк боюнча ТалМУ окуу жайынан 9 студенттери бир айлык мобилдүүлүк окууга келди. Биздин окуу жайдын директору, доцент Т. Колдошов кабыл алды. Ар бир бөлүм башчыларга кесибине жараша бөлүндү жана жатаканага жайгаштырылды. Окутуучулар келген студенттердин окуусуна ийгилик каалады.

“МЫКТЫ ПРАКТИКАНТ ” КОНКУРСУ ӨТТҮ

Биздин окуу жайда 2021-2022 – окуу жылына карата студенттер арасында “Мыкты практикант” конкурсу уштурулуп жеңүүчүлөр аныкталды.

“МЫКТЫ Практикант”
конкурсунун жеңүүчүлөрү: Башталгыч класстарда окутуу” адистиги Бообекова Айтурган
БКк-19- 9 – 3 группасынын студенти (кырг.тилинде окутуу) Беляева Екатерина ; группа НК- 19-9 – 4 ( орус тилинде окутуу)
” Чет тили ” адистиги боюнча жеңүүчү ЧТк – 19 – 9 – 2 группасынын студенти Аабай кызы Мырзагүл
“Мектепке чейинки билим берүү ” адистиги боюнча МЧБ- 19 -9 -1 группасынын студенти Даниярова Алина
“Музыкалык билим берүү ” адистиги боюнча МО- 18- 9 -2 группасынын студенти Исенбеков Даниэл 1- байгеге жетип, ” Мыкты практикант – 2022″ Диплом менен сыйланды.
Жалпы 14 конкурсант болду. Калган катышуучуларга ” Уюштуруучу практикант”, “Креативдүү практикант” “Мекенчил практикант” сыяктуу номинациядагы дипломдор тапшырылды. БМПКнын директору, Т.Р. Колдошов ар бир конкурсантка илимпоз Д.Шаматовдун китебин белекке тартуулады.Профсоюз уюмдун төрагасы Абдигапаров Н.А. конкурстун жеңүүчүлөрүнө 1миң сомдон сыйлык тапшырды. Бөлүм башчылары да студенттерин колдошту.

ЖАЗУУЧУ А. МУРАТОВДУН КИТЕПТЕРИНИН ТААНЫТМАСЫ ӨТТҮ

Биздин окуу жайда белгилүү адабиятчы, жазуучу, публицист, педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратовдун беш жаңы китептеринин бет ачары болду. Иш-чарага Кыргыз Маданият маалымат спорт жана жаштар министрлигинин өкүлдөрү, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков жана акын жазуучу адабиятчылар, Казахстан жазуучулар союзунун мүчөлөрү С.Камшыер, А.Шегебай ж.б. бир топ коноктор келип катышты. Кечеде адабиятчынын көптөгөн китептер көргөзмөсү коюлуп китептери сатылды.

Кесиптик ишмердүүлүккө заманбап мамиле

2022-жылдын 15-апрелинде И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университеттин алдындагы Мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурган “Санариптешүү кесиптик ишмердикке заманбап мамиле” аттуу семинар-тренинг болуп өттү.

Аталган семинарга Т. Эрматов атындагы БМПКнын мугалимдер жамааты катышып, жыйынтыгында квалификацияны жогорулатуу курсунан өткөндүгүн тастыктоочу сертификаттар тапшырылды.

Мамиле билимди чыңдайт

Т. Эрматов атындагы БМПК жана Кыргыз-Түрк Манас университетинин Көркөм өнөр факультети менен түзүлгөн келишимдин алкагында биргеликте билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча алгачкы жолугушуу концертин беришти.

Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү

Бүгүн биздин окуу жайда иш кагаздардын мамлекеттик тилде жүргүзүү жана орфографиялык эрежелердин акыркы үлгүсүн таанышуу, туура жазууну үйрөнүү боюнча Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын кызматкери Супатаева Альфина Илиясовна чакырылып БМПКнын окутуучуларына иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окуу-маалымат тренинг өтүп берди.

Аталган окуунун максаты-атайын кабыл алынган токтомдун негизинде иш кагаздарды мамлекеттик тилде талапка ылайык жүргүзүүнү, БМПКда мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү, окутуучуларды жана кызматкерлерди сабаттуу жана сапаттуу жазууга чакырат.