БМПКнын сыймыгы

Биздин колледждин ардегер мугалими, Музыкалык бөлүмдүн Үндүү коюу ПЦКсынын окутуусусу Осмонкул Асанкулов “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардактуу наамга ээ болду. Мамлекеттик сыйлыкты КРнын Президенти С. Н. Жапаров тапшырды.

Элибиздин маданиятына, билим берүүсүнө өмүрүн арнаган агайыбызга бекем ден соолук каалап, узун өмүр тилейбиз.

Төмер – түрк тилин үйрөтүү борбору БМПКда

БМПКда 2022-жылдын февраль айынан баштап “Төмер” борбору менен кызматташуу башталды. Эки тараптуу кызматташуунун натыйжасында колледждин мугалимдери жана студенттери түрк тилин акысыз окуп үйрөнүшүүдө.

Түрк тилин үйрөнгөн студенттерибиз үчүн келечекте Түркияга барып окуганга жана иштегенге чоң мүмкүнчүлүк ачылат.

Эл аралык байланыштарды өнүктүрүү максатында аткарылган иштер жамааттын кызыкчылыгын арттырып, өрнөктүү иштердин башаты катары кызмат кылмакчы.

Б.Салгаманинин “Аты жок китеп” аттуу китебинин таанытмасы өттү

Бүгүн бизде акын Бектуруш Салгаманинин чыгармачылык поэзия кечеси болуп өттү. Биздин окуу жайдын директору Түмөнбай Колдошовдун уюштуруусу менен өткөн кечеге адабияттын азыркы залкарлары Т.Самудинов, С.Кайыпов, Ж.Бөкөшев, Э.Нурушев, К.Бакиров, Б.Шамшиев, Ж.Саалаев, Б.Сарыгулова ж.б, жаш акын-жазуучулар, поэзия күйөрмандары жана окуу жайдын мугалим студенттери катышты.

Поэзия – бул жан дүйнө. Мына ушул өзгөчө бийик дүйнөнү аркалаган авторлордун бири акын Бектуруш Салгамани.

Акын ырларында жасап эмес, ырларында жашап жазган нукура таланттуу акын экенин анын ырларынан таанысак болот. Акынды акын кылып тааныткан чыгармаларынын бири “Өгөй ата” балладасы. “Аты жок китепте” соңку жылда чогулткан көркөм дүйнөсү топтолуп, табият нукура акындыкты ыроологон, адабиятка ак дилден кызмат кылган бул аралыкта сан жагынан эмес сапат жагынан мыкты китеп экени көрүнүп турат.

Поэзия кечеде автордун Аты жок китебинин таанытмасында белгилүү адабиятчылар тарабынан, баяндамалар жасалып, ырлары көркөм окулуп, обондуу ырлары аткарылды. 3 саатка созулган адабий кечеге Д.Керимов модераторлук кылып, жалпы күйөрмандарга жагымдуу маанай тартуулады.

Бектуруштун махабат темасында, ашыглык лирикасында өзүнчөлүгү бар. Ашыктык анын жүрөгүндө жаш чагынан, бала күнүнөн бүгүнкү күнгө чейин сакталып келгенин ырларынан сезип, туюп атабыз. (Т.Самудинов)
Ошол таштар сайда камалып,
ошол бойдон жатат агарып.
Тоголоткон ошол таштардай,
Таштап кеткен бизди балалык. (Б.Салгамани)
Мындан ары, поэзия кечелерди көп уюштурамын. Мен азыктануум керек жүрөктүн клапындары ыр укпай кургап, какшып барат. Экинчиден студенттерибиз чыгармачылык дүйнөнү таанысын. Сенек адис болбой. журөгу ырды уга билген, музыканы акылында туя билген инсан болсун!. Биз Мидин, Райхан, Какен, Байдылданы көрбөй калдык. Жок дегенде Карбаласты, Токтосунду, Бектурушту, Сагын эжени көрүп ыр окуганын угуп, поэзиясын оз оозунан тыңдап калалы. Булар бизге таберик! Ар бир студент ушуну түшүнсө дейм.(Т.Р.Колдошов)

Колледжде Республикалык деңгээлде жеңүүчү чыкты.

Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжде жаңырган жылдын башталышы жакшы иштер менен башталды.

24чү январда башталгыч класстарда окутуу бөлүмүнүн студенти Сабина Дүйшөнова Республикалык жаштар арасында өткөрүлгөн бокс боюнча мелдеште 1-орунду алып жеңүүчү болду.

БМПКнын эмгек жамааты жана студенттери чогулуп жеңүүчү кызыбызды жана эл аралык деңгээлдеги башкы машыктыруучусу БМПКнын окутуучусу Алымкул Сыдыгалиевке ыраазычылык билдирүү менен акчалай сыйлык тапшырылды.

Ошондой эле административдик комиссиянын чыгарган чечими менен Сабина Дүйшөнова жеңүүчү кызыбыз быйылкы окуу жылынын контрагынан бошотулду.

Спортчу агайыбызга жана студенттерибизге ден соолук сергек жашоо каалайбыз!.

Чемпион кызыбыз, Азияга жолдомо алды.

Биз сыймыктанган студент

Жатаканадагы жаңылануулар

Жыл жаңыргандан тарта Таштан Эрматов атындагы колледждин жатаканасында бир топ өзгөрүүлөр болду, жатакананын фаеси жаңырды, акталып, сырдалып ремонт иштери жүргүзүлдү.

Студенттердин жуунуучу жайлары көп жылдан бери оңдолбой ыңгайсыздыктар жаралып келген. Азыр толугу менен оңдолуп түзөөдон өттү. Студенттерге жакшы шарт түзүлдү. Жакынкы аралыктан тарта жатакананын ички залдары көркөмдөлүп кооздолуп оңдолот.

Урматтуу абитуриент!

Заман талабына жараша билим алуу, кесипти туура тандоо Сиздин алдыныздагы эң маанилүү учур. Сизди бардык жактан коомдун талабына шайкеш келген, интеграцияланган билим берүү борборуна чакырабыз.

            БМПК төмөнкү адистерди даярдайт:

  • Музыка мугалими, музыка жетекчиси;
  • Мектепке чейинки балдардын тарбиячысы;
  • Башталгыч класстардын мугалими;
  • Чет тили мугалими;
  • Дене-тарбия мугалими;
  • Технология мугалими;

Аталган адистиктер боюнча кыргыз, орус тайпалары бар. Бюджеттик жана келишимдик (контракттык) негизде кабыл алабыз. Күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүнө тапшырсаңыздар болот.

Байланыш телефондору;

Шаардык тел:            0312 56-39-57

Уюлдук тел:               0706 180 871

0778 180 871

Кызматташууга кол коюлду

Бүгүн Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин директору Т.Р. Колдошов жана Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. К. Жоошбаев кызматташуу келишимине кол коюшту.

Кызматташуунун мазмунунда Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. К. Жоошбаев БМПКга татыктуу абитуриенттерди жиберүүгө, БМПКнын студенттери келишим каттын негизинде аталган аймакта практикаларын өтөөгө шарт түзүлсө, БМПК заман талабына ылайык, дасыккан мугалимдерди даярдап чыгаруу ж.б.

Кызматташууга кол коюлду

2021-жылдын 26-майында Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, прафессор Уланбек Мамбетакуновдун жардамы менен БМПКнын директору, ф.и.к., доцент Т. Р. Колдошов жана “Лингва” инновациялык билим берүү фондунун жетекчиси Назарбекова Гульнара Джусупбековна кызматташуу келишимине кол коюшту.

Келишимге ылайык аталган фонд мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууга, методикалык окуу китептери менен камсыз кылуусуна, семинар-тренингдерди өткөрүүгө ж. б. өбөлгө түзүп бермекчи болду.

Көзөмөлчүлөр кеңеши өз ишин баштады

2021-жылдын 15-майында Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин толукталган Көзөмөлчүлөр кеңеши өз ишин баштады. Камкорчулар кеңеши жаңы толукталган курамы менен жыйын өткөрүп, Көзөмөлчүлөр кеңешинин иш планын, БМПКнын атайын каражаттарынын сарамжалдуу пайдалануусу ж.б.маселелерди талкуулашты. Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн арасынан 3 студентке Камкорчулар кеңешинин стипениясын берүүгө макулдашты.