Кызматташууга кол коюлду

Бүгүн Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин директору Т.Р. Колдошов жана Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. К. Жоошбаев кызматташуу келишимине кол коюшту.

Кызматташуунун мазмунунда Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. К. Жоошбаев БМПКга татыктуу абитуриенттерди жиберүүгө, БМПКнын студенттери келишим каттын негизинде аталган аймакта практикаларын өтөөгө шарт түзүлсө, БМПК заман талабына ылайык, дасыккан мугалимдерди даярдап чыгаруу ж.б.

Кызматташууга кол коюлду

2021-жылдын 26-майында Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, прафессор Уланбек Мамбетакуновдун жардамы менен БМПКнын директору, ф.и.к., доцент Т. Р. Колдошов жана “Лингва” инновациялык билим берүү фондунун жетекчиси Назарбекова Гульнара Джусупбековна кызматташуу келишимине кол коюшту.

Келишимге ылайык аталган фонд мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууга, методикалык окуу китептери менен камсыз кылуусуна, семинар-тренингдерди өткөрүүгө ж. б. өбөлгө түзүп бермекчи болду.

Көзөмөлчүлөр кеңеши өз ишин баштады

2021-жылдын 15-майында Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин толукталган Көзөмөлчүлөр кеңеши өз ишин баштады. Камкорчулар кеңеши жаңы толукталган курамы менен жыйын өткөрүп, Көзөмөлчүлөр кеңешинин иш планын, БМПКнын атайын каражаттарынын сарамжалдуу пайдалануусу ж.б.маселелерди талкуулашты. Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн арасынан 3 студентке Камкорчулар кеңешинин стипениясын берүүгө макулдашты.

Билим, тарбия, турмуш чындыгын окуткан мугалим

Абдырахманова Октябрина Абдырахманвна

эл агаруунун отличниги

“Акыл эстүү ар бир адам кандай кесип болбосун  жүрөгү менен сүйүп окуп билим алса, ошол өнөрдүн бийик сересине чыга алат,”-дечү эле сакадай бою сары алтын Октябрина эжеке. Мен бул акылдуу, жапалдаш боюу билимден бүткөн  эжеке менен 1990–жылдын, август айынан бери таанышмын.  Бул учур мамлекетибизде «кыргыз тилине» өзгөчө көңүл бурула баштаган мезгил болчу. Мамлекеттик мекемелердин иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлүп, жогорку окуу жайларында сабактар кыргыз тилинде өтүлүшү керек. Биз тилибизди мамлекеттик тил кылганыбыз кайсы? Жана башка толгон-токой суроолор газета беттерине байма –бай басылып, куру кыйкырык жүрүп турган мезгил эле. Биз да ошондой ураанды жактаган айылдан барган жаш кыз – балдарбыз.

Окуу жайга өтүп, кубанычыбыз койнубузга батпай сүйүндүк. Бирде ачка, бирде ток болгон студенттик жашоо башталды. Атыбыз эле алгачкы кыргыз группасы болбосо, сабактар дээрлик орус тилинде өтүлөт. Группада Кыргызстандын алыскы региондорунан, Лейлектен, Ноокаттан, Токтогулдан, Таластан, жана башка жерлерден келген студенттер бар. орус тилдүү болбогон соң түшүнбөй, тушүнгөнүбүз орус тилинде айтып бере албай жаттап айтып беребиз.  Мындан көйлөйлүү маселебиз-жатакана. Окуу жайдын студенттик жатаканасы бар. Бирок, төшөнчү, орундары жок экен. Ошондо Октябрина эжеке: Баскыла, директорго кирели, төшөнчү бербесе койсун, өзүбүз алып келебиз жатаканадан орун сурайбыз деп, бизди жөжөлөрдөй ээрчитип алып,(ошол мезгилдеги директор) Болот Малдыбаевге кирген элек. Ошентип эжекенин күчү,эмгеги менен жатананын 5-этажында жашап калганбыз.

Эже алыстан келген студенттерди өз баласындай калкалап ,биз үчүн кошо жүгүрчү. Жаш муундарды окутам деп келдиңерби? Максатка жетүү үчүн тырышкыла. Педагогикалык окуу жай силерге мугалим деген наам берет. Бирок чыныгы мугалим болуш үчүн, изденгиле ,окугула, өз кесибиңерди жүрөгүңөр менен сүйгүлө-дейт эле. Аттин ай десе!  Эженин басып өткөн жолу, агартуу майданындагы баа жеткис эмгектери, студентерине болгон камкордугу жөнүндө өзүнчө бир китеп жазса болот.

Бул кыялды жүзөгө ашыруу менин колумдан келер бекен?

Токтогул шаары

Султаналиева Гульзат

1990-1992-жылдарда окуган алгачкы кыргыз группасынын студенти

БМПКнын бүтүрүүчүлөрү диплом алдындагы практикада

Бул практикада болочок мугалимдин практикалык даярдануусунун жыйынтыктоочу этабы болуп эсептелинет.Педагогикалык практиканын бардык түрүн ийгиликтүү өтөгөн студенттер гана “ Мамлекеттик диплом алдындагы практиканы” өтүүгө уруксат берилет.Диплом алдындагы практикада студенттер башталгыч класстын мугалиминин бардык функционалдык милдеттерин өз алдынча аткарышат.

“ Башталгыч класстарда окутуу”бөлүмүнүн студенттери

Педагогикалык билим берүү бөлүмүнүн студенттери.