БМПКда “Нооруз” майрамы белгиленди

19-март БМПКда “Нооруз” майрамына карата “Жаз алып келген жаңы күн” аталышындагы улуттук каада-салт, үрп-адат, элдик өнөр жана башка көөнөрбөс мурастарыбызды чагылдырган майрамдык иш-чара болуп өттү.Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук тамак-аш, улуттук кийим көргөзмөлөрү уюштурулуп, улуттук спорт оюндары ойнотулду.

Кыздар арасында волейбол

Бүгүн Т. Эрматов атындагы БМПКда “Нооруз” майрамына утурлай кыздар арасында волейбол оюну болуп өттү. Оюнга беш команда катышып, күч сынашышты.
1-2-орунга “Башталгыч класстарды окутуу” бөлүмүнүн командалары,
3-орунга “Педагогика” бөлүмүнүн ” Чет тили” адистиги командасы ээ болушту. Эжелер курама командасы үлгүлүү оюн көрсөтүп баш байгени ээлешти.
Аталган саамалыкка окуу жайдын Профсоюзу демөөрчүлүк кылып, акчалай байге, дипломдор менен сыйланышты.

КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, обончу-композитор Осмонов Кубанычбек Эргешовичтин атындагы класс-музейи ачылды

БМПКнын мурдагы директору К.Э.Осмоновдун атындагы класс-музейи 303-окуу канаа кыздары тараптан толук ремонттолуп, жаңы эмеректер менен камсыздалынды. Андан сырткары агайдын колдонгон буюм-тайымдары, чыгармалары, сүрөттөрү коюлду. Иш-чарага К.Осмоновдун бир туугандары, үй-бүлөсү, санаалаштары, колледждин эмгек жамааты, студенттер катышты. Демөөрчү болгон К.Э.Осмоновдун үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдиребизК.Э.Осмонов БМПКны 2006-2020-жылдары директор болуп жетектеген.

«Билим берүү уюмдарынын кызматташтыгы- келечектин ачкычы»

«Билим берүү уюмдарынын кызматташтыгы- келечектин ачкычы»12-мартта саат 14:00дө Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин салтанаттуу жыйындар залында «Билим берүү уюмдарынын кызматташтыгы-келечектин ачкычы» деген темада тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чарагаЧүй облусундагы жана Бишкек шаарынын райондук билим беруу бөлүмдөрүнун башчылары, мектеп директорлору, бала- бакча жетекчилери катышышты.Тегерек столдо орто кесиптик окуу жай менен мектеп, бала-бакчанын ортосундагы байланыштар талкууга алынып, тараптардан сунуштар айтылды. Иш-чаранын аягында жетекчилер арасында кызматташууга кол коюлду.

Мамлекеттик туу күнү белгиленди

Иш-чарага окуу жайдын жалпы жамааты, студенттер катышты. Салтанаттуу жыйынды БМПКнын директору, ф.и.к., доцент Т.Р. Колдошов ачып берип куттуктоо сөзүн айтты. Андан соң “Коомдук илимдер ПЦКсынын” тарых сабагынын мугалими А.Ч. Чубакова Туунун тарых-таржымалына токтолуп баяндама жасады.

5-март “Ак калпак күнүнө” карата студенттер, агайлар арасында волейбол оюну болуп өттү

Бүгүн Т. Эрматов атындагы БМПКда 3-март Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынган күнүнө жана 5-март “Ак калпак күнүнө” карата окуу жайдын директору Т.Р. Колдошовдун демилгеси менен студенттер, агайлар арасында волейбол оюну боюнча мелдеш уюштурулду.

Мелдешке төрт команда катышып, күч сынашышты. Оюн аябай кызуу өттү. 1-орунду “Музыкалык бөлүмдүн” 3- курсунун студенттери камсыз кылышты. 2-орунга “Педагогика бөлүмүнүн” 3- курсунун студенттери ээ болуп, 3-орунду “Музыкалык бөлүмдүн” 2- курсунун студенттери ээлешти. Жеңүүчү командалар атайын грамота жана медалдар менен сыйланышты.