Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык–педагогикалык колледжинин усулдук иштеринин планы боюнча 2020 жылдын 11-ноябрынан 19-ноябрга чейин “Математика жана информатика” ПЦКсынын Декадасы “Санарип мугалим –мезгил талабы” аттуу темада болду.

    Декаданын максаты: окутуу процессинде  мезгилдин талабына ылайык заманбап технологияларды колдонуп, ПЦК окутуучуларынын ачык сабактарды өтүү менен  тажрыйба бөлүшүү.

    Азыркы кырдаалга байланыштуу  Декаданын ачык сабактары жана иш чаралары  ZOOM платформасы менен өткөрүлдү.

   11-ноябрда “Математика жана информатика” ПЦКнын окутуучулары Декаданын ачылышын жасашты. ПЦКнын жетекечиси  Р.И.Акматова декаданын алдына койгон планын жана максатын тааныштырып,  видео- презентациясын Whatsapp аркылуу  БМПКнын  башка ПЦК  жетекчилерине жөнөттү.

     Декадада төмөнкү  беш окутуучу  ачык сабактарын өтүштү:                                                                                                   

  1. Конокбаева К.М. – Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы, КРнын Билим берүү жана илим министирлигинин билим берүү ишмердүүлүгүн  аккредитациялоо боюнча эксперти,  “Сапаттуу билим” билим берүү уюмдардын жана программаларын аккредитациялоо агенттигинин эксперти.

   Конокбаева К.М. 11.11.2020-ж. “Математиканы окутуунун  башталгыч курсу” окуу дисциплинасы боюнча БК19-11-5 тайпасына “Позициялык, позициялык эмес эсептөө системасынын түрлөрү. Ондук эсептөө системасында сандардын жазылышы” темасында ачык сабак берди.

    2. Дербишева Г.А.- КРнын билим берүүнүн мыктысы. 11.11.2020-ж. “Математика” окуу дисциплинасы боюнча БК-20-9-3  тайпасына “Функцияны изилдөөдө туундунун колдонуштарына мисалдар” темасында ачык сабак берди.

   3. 14.11.2020. жаш окутуучу Атарбекова А.А. “Маалымат-коммуникация технологиясы” окуу дисциплинасынан НКк-20-9-5 тайпасына ачык сабак өттү. Сабагынын  темасы: “Работа текстового процессора. Правила компьютерного набора  текста”

   4. КРнын берүүнүн мыктысы Сыдыгалиева З.А. 16.11.2020-ж. “Математиканы окутуунун усулу” окуу дисциплинасы боюнча БК-19-11-6 тайпасына  “Бөлчөк” түшүнүгүн окуп үйрөтүүнүн методикасы” темасында студенттерге усулдук жактан керектүү сабакты өттү. З.А. Сыдыгалиеванын сабагы кызыктуу жана жеткиликтүү болду.

  5. 16.11. 2020-ж.  КРнын билим берүү  жана илим министирлигинин “Ардак грамотасынын” ээси Акматова Р.И. “Маалымат-коммуникация технологиясы” окуу дисциплинасынан НК- 18-9-4  тайпасына “Создание дидактических игр с помощью технологий мультимедия” темасында сабакты өттү. Аталган темадагы сабак студенттерге гана эмес, сабакка катышкан окутуучуларга да пайдалуу болду.

   Декаданын ачык сабактарына катышкан мугалимдер  өтүлгөн сабактарга  анализ жүргүзүп, баалуу кенештерин берип, сын сөздөрүн айтышты.

 Декада учурунда 1-2 курстардын арсында “Математика» сабагы боюнча тестирлөө өткөрүлдү. Ошондой эле бүтүрүүчү курстун тайпаларында “Мезгил менен катарлаш бол!”  аттуу студенттердин болочок кесибинде маалымат технологияны колдонуу менен сабак  өтүүгө даярдык көрүү максатында видео-презентация-сабактардын сынагы өткөзүлдү. Жыйынтыгында жеңүүчү студенттерге  окуу жайдын атынан сыйлоо баракчалары тапшырылды.

   19.11. 2020-ж. илимий-практикалык конференция менен  ПЦК Декаданын ишин жыйынтыктады. Конференциянын  темасы: “Санарип мугалим – мезгил талабы”   Конференцияга И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин физика-математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин деканы, физика-математика илиминин кандидаты, доцент Бексултанов Жениш Тункатарович  катышты. Ошондой эле конференцияга БМПКнын   1993-2011 – жылдарда билим алып, ийгиликтүү аяктаган, учурда  Республикабыздын региондорунун мектептеринде башталгыч класстардын мугалими болуп үзүрлүү эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөрүбүз катышты. Илимий-практикалык  конференцияда  учурдагы аралыктан окутуунун  көйгөйлүү маселелери кызуу талкууга алынды.

     “Математика жана информатика” ПЦКнын жетекчиси Акматова Рахат Ислановнага  жана ПЦКнын жалпы окутуучуларына  келечектеги педагогикалык кесип ээлерине татыктуу билим жана таалим тарбия берүүдө  кошуп жаткан  зор салымдары үчүн терең ыразычылык билдиребиз!

      Т.Эрматов ат. БМПКнын директору, ф.и.к. Т.Р. Колдошов

Окуу иштери боюнча директордун орун басары  Д.О.Кутманалиева

                  Усулдук иштердин инспектору Абдылдаева Ж.М.

                                                                                                      20.11.2020-жыл

Бүгүн кыргыз элине белгилүү композитор, кыргыз симфониялык музыкасынын негиз салуучуларынын бири Таштан Эрматовдун туулган күнү.

Композитор 1928-жылы 18- ноябрда Жалал- Абад областынын Сузак районундагы Ак-Баш айылында жарык дүйнөгө келген.

Таштан Эрматов симфониялык жанрда бардык музыка таануучулар тааныган устаз. Кыргызстанда симфониялык музыканы баштоочулардын алгачкыларынан болуп эсептелет. Анын ысымы кыргыз музыка өнөрүнүн көрүнүктүү өкүлдөрү Виктор Петрович Власов, Владимир Георгиевич Фере, А.Тулеев, Акмат Аманбаев, МукашАбдраев ж.б. белгилүү инсандар менен катарлаш турат.

2013-жылы композитордун ысмы Бишкек музыкалык- педагогикалык колледжине берилген. Ал эми 2017-жылы атактуу композитордун айкели  окуу жайдын алдына тургузулган.

Эскерүү иш чарасын Т.Эрматов атындагы БМПКнын директору, филология илим. кандидаты, доцент Колдошов Түмөнбай Рахманович ачып сөз сүйлөдү. Музыкалык билим берүү бөлүмүнүн ага окутуучусу Ү.Ашыралиев замандашы катары   композиторду эскерди. Композитордун айкелине  гүлдесте коюлду. Иш чаранын аягында композиторго куран окулду.

. Композитордун ысмын алып жүргөн колледждин окутуучулар жана студенттер жамааты улуу композитордун чыгармаларын сүйүп угуп, анын элесин дайыма жүрөгүндө сактайт.

Бүгүнкү аракет эртеңки ийгиликке жетелейт

            Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык – педагогикалык колледжинин окуу корпусу  1986-жылы курулган. Үстүбүздөгү жылы жамааттын суранычын орундатып #KG_ГРУПП компаниясы корпустун маңдайына Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык- педагогикалык колледжи деп окуу жайдын атын жаздырып беришти. Компаниянын жалпы жамаатына жана жетекчилерине ыраазычылык билдиребиз.

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Көркөм билим берүү жана маданият факультетинин деканы, п.и.к., доцент Кубатбек Жакыпов менен жолугушуу

04.11.2020 И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Көркөм билим берүү жана маданият факультетинин деканы, п.и.к., доцент Кубатбек Жакыпов менен жолугуштук. БМПКнын музыкалык билим берүү бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн окуусун улантуу (күндүзгү жана сырттан окуу), практика, академиялык мобилдүүлүк, конок лекция, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, студенттик фестивалдарды уюштуруу ж.б. маселелерди талкууладык. Жаңы шайланган декан К. Жакыпов агайга чыгармачылык, илимий жана жетекчилик иштерине ийгилик каалаймын!

«Дене тарбия» ПЦКсынын Декадасы

Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин усулдук иштердин планы боюнча ар бир предметтик-циклдык комисссиясы (ПЦК) өзүнүн  алдыңкы  тажрыйбасын көрсөтүү, башка ПЦКлар менен тажрыйба алмашуу максатында Декада өткөрөт.

2020-жылдын 26-октябрынан 5-ноябрга чейинки  10 күндүк убакытта «Дене тарбия» ПЦКсы «Спорт  бүт дүйнөнү бириктирет» деген ураандын алкагында Декадасын өткөрдү.

Декада учурдагы COVID-19 оорусуна байланыштуу БМПКнын усулдук кеңеши тарабынан сунушталган  аралыктан билим берүү технологиясынын ZOOM платформасын колдонуу менен онлайн режиминде уюштурулду.

26-октябрда  «Дене тарбия» ПЦКсы Декаданын башталышын белгилеп,  планы менен тааныштырып видео презентациясын WhatsApp аркылуу БМПКнын ПЦКларына жөнөтүштү.

ПЦКнын 4 окутуучусу  ачык сабактарын ZOOM платформасын колдонуу менен өтүштү.

1. Эсенбеков А.А., КРдин билим  берүүсүнүн жана дене маданиятынын мыктысы, КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу – «Ордо» окуу дисциплинасынан «Дене тарбия» адистиги боюнча окуган студенттерине ачык сабагын өттү.

2. Маманазаров Т.С., КРдин билим  берүүсүнүн жана дене маданиятынын мыктысы, – «Дене тарбия усулу» окуу дисциплинасы боюнча «Башталгыч класстарда окутуу» адистигиндеги студенттерине сабак өттү.

Эки  жылдык педагогикалык тажрыйбасы бар жаш мугалимдерибиз

 Ж. Кулматов жана Нурланбек уулу Ч. «Волейбол» жана «Баскетбол» темаларында ачык сабактарын өтүшүп, студенттерди аталган оюндардын тарыхы, мааниси, оюн эрежелери жана ойноо техникасы менен тааныштырды.

Ар бир окутуучунун сабактары алдын ала тартылган видеопрезентациялары менен коштолду.

         30-октябрь күнү өнөрү өрнөктүү инсан, бокс боюнча эл аралык даражадагы биринчи калыс, «Даңк» орденинин ээси, бокс боюнча КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу,   КРдин дене тарбия жана спорт боюнча эмгек сиңирген ишмери Мамыт Акеров менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууну «Педагогикалык билим  берүү» бөлүмүнүн башчысы, «Бокс»  окуу дисциплинасынын окутуучусу жана машыктыруучусу А.Т. Сыдыгалиев уюштурду. ZOOM менен байланышка чыккан бөлүмдүн студенттери Акеров Мамыт агайга көптөгөн суроолорду узатып, аларга кызыктуу баяндоолор менен коштолгон жоопторду алышты.

«Дене тарбия» ПЦКнын Декадасы 5-ноябрда илимий конференция-семинар менен жыйынтыкталды. Аталган иш чараны «Дене тарбия» ПЦКсында эмгектенген окутуучулар А. С. Халиалдаева, К. А. Каниметова, Н. Абдылдаева, Н. Сыдыкова, М. Арыналиевдер жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүштү. Семинардын темасы «Модулдук баалоо системасы» деп аталып, катышуучулардын кызуу талкуусун жаратты. Семинарга колледждин бардык бөлүмдөрүндөгү окутуучулар ZOOM аркылуу катышып, лекторлорго суроолорун узатышты. БМПКга  жакында  Ebilim системасы орнотулгандыгына  байланыштуу, колледжде  модулдук-рейтинг системасы  киргизилет.

Окуу жайдын директору Т. Р. Колдошов жана окуу иштери боюнча директордун орун басары Д. О. Кутманалиева семинарды өткөргөн окутуучуларга ыраазычылык билдиришти.

Абдылдаева Ж.М.

БМПКнын  усулдук иштердин тескөөчүсү 06.11.2020-ж.

2-ноябрь – Маданият кызматкерлеринин күнү

     2-ноябрь-Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата БМПКнын китепканасында кыргыз музыкалык исскуствосуна зор салым кошкон маданият ишмерлерине арналган китеп көргөзмөсү уюштурулду.                                      
        Үстүбүздөгү жыл залкар комузчу, кылкыякчы, чоорчу, санжырачы, жомокчу, Кыргыз ССРнин Эл артисти (1935) Муратаалы Күренкеевдин туулган күнүнүн 160 жылдыгы белгиленип жатат.

          Ошондой эле ырчы, комузчу, күүчү жана обончу, Кыргыз ССРнин Эл артисти (1939) Атай Огомбаевдин 120 жылдыгы, композитор, СССР композиторлор союзунун мүчөсү (1942), КРнын Эл артисти (1974), КРнын исскуствого эмгек сиңирген ишмери, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1974), Кыргыз профессионал музыка өнөрүндөгү тунгуч жогорку билимдүү композитор Мукаш Абдраевдин туулган күнүнө 100 жыл, композитор, кыргыз профессионал музыкасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Аскар Түлөевдин туулганын 100 жылдыгы белгиленип. Аскар Түлөев Орто Азиядагы композиторлордун ичинен алгачкы жолу көлөмдүү симфониялык жанрдагы чыгармаларды жазган.

           Элибиздин маданиятын жогорулатууга салым кошкон залкарларга таазим!