ДИРЕКТОРДУН КАЙРЫЛУУСУ

СТУДЕНТТЕРДИН ЖАН ДҮЙНӨСҮН ТЫҢДАЙЛЫ!

Урматтуу кесиптештер жана студент достор!

Окуу жай 1992-жылы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи болуп кайрадан түзүлгөн. 2013-жылы колледжге белгилүү композитор Таштан Эрматовдун ысымы ыйгарылып, бүгүнкү күндө эмгек жамаат жаш кадрларды даярдоодо талыкпай чыгармачылык менен эмгектенишүүдө. Жалпы 1200дөн ашуун студенттер билим, тарбия алышууда. БМПКда студенттер үчүн 300 орундуу жатакана, ашкана, илимий китепкана, окуу залы, спорттук залдар (волейбол, баскетбол, бокс ж.б.), салтанаттуу жыйындар залы пайдаланылат.

БМПК тарыхы терең, түптүү окуу жай. 54 жылдык тарых-таржымалында окуу жайды уюштуруучулук жөндөмү бар, инсандык сапаттары бийик мыктылар жетектеп келишти. Алардын басып өткөн жолун улантуу, окуу жайдын кадыр-баркын жогорулатып, беделин арттыруу приоритеттүү максаттарыбыздын бири. БМПКны өнүктүрүү жаңы инновацияларды киргизүү, эл аралык байланыштарды түзүү, инвестицияларды тартуу, жаңы структураларды ачып, окуу имаратын, жатакананы капиталдык ремонттон өткөрүүнү пландап жатабыз.

Колледж педагог музыканттарды, аймактардагы бала бакчалардын тарбиячыларын, мектептин башталгыч класс мугалимдерин, чет тилин билген кесипкөйлөрдү, дене тарбия жана кол өнөрчү адистерди даярдайт. Бүгүнкү рынок шартында биздин бүтүрүүчүлөр билими, интеллекти жана тарбиясы менен өзгөчөлөнүп, коомчулуктун сый-урматына ээ болушу керек. Бүтүрүүчүлөрүбүз аркылуу ата-энелердин, өнөктөштөрдүн, стейкхолдерлердин ишенимин арттырабыз. Коомчулук жандүйнөсү бай, дилгир, кесипкөй адистерге муктаж, биз ошол кенемтени жоюуга жамаатыбыз менен аракеттенебиз.

Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи жаңы 2020-2021-окуу жылынан тартып, төмөндөгүдөй иш-аракеттерди жасоого багыт алат:

  • Эмгек жамаатка стимул берүү жана позитив жаратуу;
  • Эмгек жамаатыбыздын биримдиги, ынтымагы жана колдоосу менен БМПКны санариптик технологиялардын колледжине айландыруу;
  • Сайтты жаңылоо, заман талабына шейкеш келтирүү;
  • Бүтүрүүчүлөр боюнча карьера борборун түзүү, бүтүрүүчүлөрдүн базасын уюштуруу;
  • Жыл сайын билим берүү мекемелери менен биргеликте бош орундар жарманкесин уюштуруу;
  • Республикадагы музыкалык-педагогикалык колледждер менен кызматташуу жана ички мобилдүүлүктү жолго коюу;
  • Тажрыйба алмашуу;
  • Колледждин материалдык-техникалык базасын чыңдоо;
  • Окутуучулар жана студенттер үчүн окуу имаратында, жатаканада ыңгайлуу шарттарды түзүү;
  • Окуу кааналарын жаңы технологиялар менен камсыздоо;
  • Атайын музыкалык даярдоо курстарын ачуу;
  • Таланттуу студенттерди колдоо, ийримдердин ишин жандандыруу;
  • Спортчуларды колдоо, стимул жаратуу;
  • Айрым социалдык абалы оор студенттерге жеңилдиктерди берүү.

Бардык жаратмандык иш-аракеттерге эмгек жамааттын ынтымагы жана колдоосу менен кол сунабыз. Ардагерлерибиздин мол тажрыйбасын, билимдүү жаштарыбыздын потенциалын пайдалануу менен Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин жаңы бийиктигин багындырабыз.

Түмөнбай КОЛДОШОВ,

Т.Эрматов атындагы БМПКнын директору, ф.и.к., доцент

Учеба в вузах и колледжах начнется дистанционно. Дальше есть три сценария

Как бы ни складывалась эпидемиологическая ситуация, учебный год для студентов начнется в удаленном режиме.

БИШКЕК, 5 авг — Sputnik. Учеба в вузах и колледжах Кыргызстана в сентябре начнется в дистанционном режиме, сообщил заместитель министра образования и науки Нурлан Омуров.

Разработаны три сценария дальнейшего обучения студентов. Напомним, что абитуриенты подавали заявки на поступление в вузы исключительно через специальную интернет-площадку.

Первый сценарий дальнейшего обучения — дистанционный. Он будет использован при острой эпидемиологической ситуации.

Второй — смешанный дистанционно-традиционный формат. По словам Омурова, он может быть использован при благоприятной ситуации с факторами риска. В таком случае студенты могут учиться удаленно, но определенный объем знаний (занятий) получать в обычном формате.

Третий — традиционная форма обучения. При таком варианте от вузов и спузов будут требовать выполнения всех санитарно-гигиенических требований.

Еще: https://ru.sputnik.kg/society/20200805/1049225679/kyrgyzstan-minobrnauki-ucheba-vuz-kolledzh.html