21-февраль- Эл аралык Эне тил күнүнө карата Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинде шайыр тапкычтардын конкурсу болуп өттү

21-февраль- Эл аралык Эне тил күнүнө карата Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинде шайыр тапкычтардын конкурсу болуп өттү. Конкурска  3 топ  «Мурас» тобу кыргыз тилин,  «Девчата» тобу орус тилин,  «VIP» тобу англис тилин жактап катышышты. Конкурс кызыктуу, атаандаштык маанайда болуп, кыргыз, орус, англис тилинде ырлар ырдалып, бийлер аткарылды.